КРдин Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында “Азаттыктын” “Миллиондордун изи” аттуу иликтөөсү тууралу өз оюн билдирип, жаңы пост жазды:
“Атамбаев “теманы” өзүнөн башка жакка, элдин көңүлүн тетири тарапка бура баштады! “Азаттык” чыныгы калыстык үчүн десеңер, АШАнын кантип байыганын, тээтигил Жазуучулардын 50 миллионун, “Кыргызавтомашты” талкалап сатканынан бери изилдеп келсеңер, “туура калыстык үчүн, чындык үчүн иштеп жатыптыр” демекпиз.
Азыр сиздер Матраимов деп, андан ары Жээнбековдор деп из кубалаганыңар, чындыктын же чыныгы “Азаттыктын” үнүнө окшобойт, заказ жыттанат. Азыркы Президентке гана каршы пиардай сезилет
Матраимов Раим ким, Атамбаев ким? Атамбаев кит, Раим чабак, керек болсо ал бажыда төрага дагы болгон эмес.
Урматтуу “Азаттык”, ошондуктан сиздер эл ишеничин алган үналгы катары абройду ашырам десеңер, Атамбаевдин миллиард акчаларынын изин кубалап, элге абийрин ачып бергиле. Антпесе, ушул убак эл ичинде сөз жүрүп аткан кези. Өмүрү сатылбаган “Азаттыкты”, экс- президент сатып алыптыр, канчага? деп…”
Бек Борбиев, КРдин Эмгек сиңирген артисти
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ