Menu

Видео – Кундуз Усупбаева, журналист: “Былтыр Нарындан Аксыга көчүрүлгөн 9 баш бугу-маралдын 1 гана башы табылды”

Бөлүшүү:

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда көп жылдан бери колдо багылып жаткан бугу-маралдын тогузу былтыр, 2018-жылдын июнь айында Аксы районунун Балтыркан жайлоосуна көбөйтүү максатында көчүрүлгөн. Маралдарды көчүрүп көбөйтүү үчүн Гамал Сооронкулов аттуу активист Америкага долбоор жазып, алгачкы 2 миллион 100 сому 2015-жылдын декабрь айында берилген. Бирок белгисиз себептерден марал долбоору 3 жылдан соң ишке ашкан. Мына ошол көчүрүлгөн маралдар кароосуз калып айыл аралап жүрөт деп жергиликтүү тургун, журналист Кундуз Усупбаева коомчулукка билдирди.

Ал эми Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентинин маалыматында 9 баш бугу-марал толук экендигин билдиришти.

“Питомникте багылып каралган маралдарды жөн эле токойго коюп жиберсе жоголот да. Мындай шалааклык иши үчүн тиешелуу адистер жооп бериши керек. Жаныбарларды ушинтип кордоого ким уруксат берди.  Азыр 9 баш бугу марал ал жерде жок, элдин башын айлантып жылуу кабинетинде отуруп маалымат берүүдөн уялса болот эле. Жакында эле агенттиктин “атайын эгерлер карап жатат” деген маалыматынан соң атайын ошол эгерлер менен барып Авлетим токойун түп көтөрүлө издеп болгону бир бугуну көрүп келдик. Маралдарды мамлекеттик егерлер кароого милдетүү эмес болчу. Долбоор жазгандар карашы керек эле, акчаны башкалар бөлүшүп алган соң жогорку жактагылар зордоп каратып жатышат. Аткени алар департаментке түздөн түз баш ийишет эмеспи дейт”, – дейт Кундуз Усупбаева.

https://www.youtube.com/watch?v=r9d3j5uVgCI

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: