Menu

Видео – Чүй облусунун Орок айылында улуттар аралык жаңжал чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-июнда Бишкекке жанаша жайгашкан Сокулук районунун Орок айылында эрте менен саат 08.30.да Айт намаздан кийин кыргыз жана түрк улутундагы 3 жигит мушташа кетишип, алардын бири 17 жаштагы А.Т. оор таяк жеп ооруканага түшкөн.

Милиция дароо чара көрүп, мушташка катышкан 23 жашар А.К. менен 17 жашар А.А. кармалышкан жана сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жаткан.

Бирок түштөн кийин таяк жеген баланын ата-энеси ооруканадан келип, элди көтөргөн. Натыйжада айылдын кыргыз жана түрк улутундагы жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып, 15тей үйдүн терезеси талкаланып, бир үйдүн чөбү өрттөлгөн. Милициянын чоң күчтөрү келип, жаңжалды басышып, 25ден ашык жаранды Сокулук райондук милициясына кармап кетишкен.

Мушташтан жаракат алып, ооруканага жеткирилгендер бар. Милиция жаңжал боюнча маалымат тарата элек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: