Бүгүн, 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда абактагы экс-генпрокурор Аида Салянованын бөгөт коюу чарасы каралып, ал 26-июнга чейин абакта калтырылды. Буга нааразы болгон Салянованын туугандары жана тарапкерлери милиция менен кагылышты.
Эсиңиздерге сала кетсек, Аида Салянова 3-июнда милиция тарабынан кармалып, 2013-жылы апрелде түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаев боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 2 суткага Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу абагына камалган.
Аида Салянова 2013-жылы Кыргызстандын генпрокурору болуп иштеп турган. Ал жылы Азиз Батукаевдин чыгышына көз жумган ошол кездеги Генпрокурордун орун басары Людмила Усманова менен Нарын шаарынын атайын прокурору Майрамбек Акматалиевдер милиция тарабынан кармалып, алар суракта Батукаевди бошотууга жолтоо болбоо боюнча буйрукту генпрокурор Аида Салянова берген деп көрсөтмө беришкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ