Бүгүн, 5-июнда экс-генпрокурор Аида Салянованы Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-июнга чейин абакта калтырды. Соттун өкүмүнөн кийин Салянованын жактоочусу журналисттерге соттун чечими боюнча өзүнүн комментарийин берди.
Эсиңиздерге сала кетсек, Аида Салянова 3-июнда милиция тарабынан кармалып, 2013-жылы апрелде түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаев боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 2 суткага Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу абагына камалган.
Аида Салянова 2013-жылы Кыргызстандын генпрокурору болуп иштеп турган. Ал жылы Азиз Батукаевдин чыгышына көз жумган ошол кездеги Генпрокурордун орун басары Людмила Усманова менен Нарын шаарынын атайын прокурору Майрамбек Акматалиевдер милиция тарабынан кармалып, алар суракта Батукаевди бошотууга жолтоо болбоо боюнча буйрукту генпрокурор Аида Салянова берген деп көрсөтмө беришкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ