Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө жана түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө Орок айылындагы окуя боюнча 31 жаран бошотулуп, бир жаран Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн сот тарабынан баш коргоо чарасы аныкталат. Буга чейин, Орок айылындагы окуя боюнча Сокулук РИИБсине 31 жашоочу жеткирилгени, андан соң дагы бир катышуучу кармалгандыгы маалымдалган. Жалпысынан 32 жаран кармалды.
Андан сырткары түндө эч кандай окуя катталбаганын билдиребиз. Учурда Чүй ОИИББдин жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан күзөттөө уланып, ошондой эле, коомдук тартип жана коопсуздук камсыздалып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ