Menu

«Ойгон, Казакстан» кыймылынын активисттери реформаларга чакырууда

Бөлүшүү:

Алматыда активисттер тобу «Oyan, Qazaqstan» («Ойгон, Казакстан») деп аталган кыймыл түзүп, өлкөнүн шайлоо системасын жана мыйзамдарын «эл аралык стандарттарга тууралоо» чакырыгы жазылган декларациясы менен тааныштырышты.

Кыймылдын мүчөсү, саясат таануучу Димаш Алжановдун айтымында, декларациянын негизги максаты — демократиялык институттар менен парламенттик республиканы түзүүгө жардам берүү экенин белгиледи. «Биз мамлекеттин мындан аркы өнүгүүсү жана саясий жараяндарга катышуу мүмкүнчүлүктөрүбүз — парламенттик республикага өтүүгө байланыштуу болорун түшүнүп турабыз», — деди ал.

Сүрөтчү Суинбике Сулейменова кыймылдын белгилүү бир лидери жок экенин белгиледи. «Биздин лидерлер — баалуулуктарыбызды колдогон Казакстандын бардык активдүү жарандары», — деди ал.

Журналист Асем Жапишеванын айтымында, учурда аларда кыймылды каттоодон өткөрүү планы жок. Ал «Oyan, Qazaqstan» кыймылынын эч бир саясий партияга байланышы жок экенин жана аны каржылоого бир дагы жергиликтүү же эл аралык уюм катышпай турганын белгиледи. «Кыймылдын тарапташтары өлкөнүн бардык аймактарында бар жана алардын саны күн санап өсүп жатат», — деди ал.

Мындан тышкары декларацияда саясий репрессиялардан, сотторду президент дайындаган тажрыйбадан баш тартуу, полиция коомго отчет бергендей кылуу жана реформалар аркылуу соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу тууралуу жазылган.

Кыймылдын мүчөлөрү Казакстандагы көйгөйлөр тууралуу өз пикирлерин айтышып, ал видеону #менояндым деген хэштег менен интернетте жайылтып жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: