Menu

Элдар Аттокуров: Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөнүн жашоо турмушун орто деңгээлге көтөрүүгө мезгил жетти!

Бөлүшүү:

Улуттук экономикабыз – алып-сатуучулук, (спекулянт) кызыл кулактык психологиядан чыга албай келет. Өлкөбүздөгү тоо-кен өндүрүшүнө берилген 1000 деген лицензияларда мамлекеттин үлүшү жок! Ал эми бажы аркылуу сырттан контрабандалык жол менен кирип жаткан арзан товарлар улуттук өндүрүштөн арзаныраак болуп, атаандаштыктан жеңилип жаткан кезибиз. Улуттук экономика айласыз импорт менен жашап калды. Контрабанда – бул, улуттук экономиканы муунтуп жаткан анакондага айланып алды!

Өкмөт “КТ Мобайл” ЖЧКнын деңгээлине түшпөй Улуттук экономиканы өнүктүрүү үчүн анын негизги максаттарын жана ал максаттарга жетүү жолунун ички жана тышкы саясаттарын иштеп чыгышы керек эле. Ушуга байланыштуу эл аралык, глобалдык рынокко иммунитет катары пайдалана турган улуттук долбоорлорумдун негизги концепцияларын коомчулук үчүн талкууга койдум.

Улуттук экономиканын биринчи максаты: өлкөнү өзүн-өзү камсыздай ала турган абалга жеткириши керек. Иштейм деген бийликте механизм да, ресурс да бар. Болгону таза ниет жана күчтүү эрк, темирдей тартип керек.

Улуттук экономиканын экинчи максаты: бийликтеги бир ууч адамдардын чөнтөгүндө айланып калган улуттук экономика, жалпы элдин чөнтөгүндө айлануу керек. Мыйзамсыз айланып жактан маанилүү булактардагы каражаттарды мамлекеттик казнага буруп, өнөр жай менен кичи ишканаларды ирилештирилип, экономикалык саясат эң алыскы айылда жашап жаткан жарандардын бир күндүк орточо чыгашасына ылайыкталып түзүлмөк.

Улуттук экономиканын үчүнчү максаты: “Кыргызстандан чыгарылган” деген бардык продукциялардын эл аралык жаңы брендин түзүү. Кыргызстанда иштеген бардык банктар, бул брендди чыгарып жаткан ишканалар үчүн өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй эң төмөнкү пайыздагы так мөөнөттүк кредиттерди берүү милдеттемесин алгандан кийин гана иш жүргүзүүгө уруксат берилиши керек.

Улуттук экономиканын тышкы саясаты: Кыргызстандагы бардык кен-байлыктар чет өлкөлүк инвесторлорго берилбейт. Кыргызстандык гана компаниялар 30% акцияга ээлик кылып иштете алат. Мамлекетке 70% төмөн акция сунуштап келген бир дагы инвестор болбошу керек. Иштелбей калган кен-байлыктар – келечегибиз үчүн!

Улуттук экономиканын ички саясаты: Бир ууч чиновниктердин пайдасы үчүн карапайым элге жогорку пайыздагы (30%, 22%, 17%) насыя берип келген кан соргуч кредиттик компаниялар менен банктардын лицензиялары токтотулат. Узак мөөнөттүк насыялар 10%дан, кыска мөөнөттүүлөр 5%, 1 жылдык насыялар 3% ашпашы керек. Бул сорулуп жаткан элибиздин каны өзүндө калып, жалпы Улуттук экономиканын жүзүнө кан жүгүрүп, колу бутун акырын шилтей баштайт.

Ички саясаттагы экономикалык туруксуздук себебин саясий өңүттөн караганда, өз алдынчалуулуктун 28 жылы ичинде, бардык Президенттер жоопкерчиликти Өкмөткө түртө салып жатып 32 жолу Өкмөт алмашкан. Экономикалык кризистин да себеби ушул жоопкерчиликсиз жүргүзүлгөн саясаттан чыккан. Президент Өкмөттү жоюп, жоопкерчиликти жана экономиканы өз колуна алуу керек!

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: