Menu

УКМК: КР жасалма паспортторун даярдаган жана саткан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

2019-жылдын 2-июнунда КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Манас-Аэропорт” контролдук өткөрүүчү пунктунанКР чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп,Кодиров Ислам наамындагы КР жалган паспорту менен Стамбул шаарына учууга аракет кылган коңшу мамлекеттин жараны,1990-ж.т. Ю.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган паспорттогу серия КР жараны, Ош облусунун жашоочусу,2002-ж.т. А.у.Б. таандык экени аныкталды. Белгилей кетсек, муну менен бирге Манас аэропортунун күтүү залында айтылган кылмыш тобунун уюштуруучусу,КР жараны,1967-ж.т. А.С. кармалды. Андын жанында 1987-ж.т. Насыров Пайзуллонун наамына даярдалган дагы бир КР жасалма паспорту табылды.

Такталгандай, А.С. чет элдик жарандарга КР жасалма паспортторун даярдоо жана сатып өткөрүү боюнча туруктуу канал уюштуруп чет өлкөлөргө жиберип тургандыгы аныкталды.

А.С. жашаган жерин тинтүү учурунда 1987-ж.т. Сухроб Рустамовдун наамына даярдалган КР жалган паспорту табылып, алынды. Даярдалып жасалмаланган документтер эл аралык террористтик уюмдун рекурттарды согуштук зонага катышууга жиберип туруу максатында колдонулган.

Сотко чейинки өндүрүштүн матералдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы убакта кармалган адамдар КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: