Menu

“Колдо бар алтындын баркы жок” деген ушулбу?

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө Өмүрбек Суваналиев Коопкеңештин катчысынын орун басары. Ал жерде эмне иштерди бүтүрүп атат? Азырынча бизге белгисиз. Бул кызматанын орду эмес болчу. Ооба, «Комиссар Каттани» күч органдарынын бирин башкарса, эл үчүн жасаган иштери кашкая көрүнүп, коомчулук алкап, мамлекетти алдыга жылдырууга салым кошмок. Бирок, бүгүнкү күндө эмнеге «сары майдай» сактап отурабыз?..

Ушуга чейин дээрлик өкмөт курамынан белдүү, эл ишенимин аркалаган, салмактуу аткаминерлерди көрө албай келдик. Улам эле тажрыйбасыз, системаны кыйраткан министрлер ээрден ооп түшүп атканына күбө болуудабыз. Учурда УКМК башчылыгы дайындалбай турат. Буга чейин соцтармактарда дал ушул кызматтын башына генерал Суваналиевдин келиши талкууланып, коомчулук катуу колдогон эле. Эгерде каарманыбыз дайындалып калса, бийликтин кадр саясатынын оңолушуна кадам ташталмак. Аныгында, Өмүрбек Суваналиев профессионал, таза кадр катары УКМКны башкарууда үлгү жаратып, президенттин саясатын бекемдеп, туура жол көрсөтүп, алдыга карай сүрөп, о.э. мамлекеттин чындалышына да салым кошмок. Тилекке каршы, президенттин айланасындагы айрым алысты көрө албагандар генерал Суваналиевге бут тосушуп, кыянаттык кылып атышканы кандай? Мындай жаңылыштык кадамды оңдойлу да. Эске салсак, Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин да айланасындагылар жана ошол эле УКМК тескери маалымат беришкени жалганбы? Акыры адаштырышкан. Эми биз өткөндөн сабак алалы да. Кызык, «колдо бар алтыдын баркы жок» деген ушубу? Эгерде Өмүрбек мырзага мындай өгөй мамиле жасала берсе, ал бир күнү өз жолун тандап кетет. Тажрыйбалуу саясатчы. Эл астында жүзү жарык!

Тайлак Назымов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: