Menu

“Азаттык” жанын сабап, мына “уурдап” кетти деп алынын баарынча кыйкырганы “жел” болуп чыкты

Бөлүшүү:

Атамбаевди деле түшүнсө болот. Анын ойлогон оюн кыстаган турмуш тумшукка согуп, шымы аласынан сөгүлүп , кынаган кышы биринин артынан бири урап түшүп келет. Баарынан жаманы, Батукаев менен Дача СУ боюнча кайрадан козголгон кылмыш иши болду сыягы. Тергөө ал ойлогондой нукта жүрбөй, адилеттиктин пайдубалы орногондой чындыктын бети ачылганы калып баратканда, АША капталдан сокку уруу үчүн акчанын жүзүнө карабай нукту Раим-миллион тарапка бура салды. Бурдум деп эле ойлоп маашырланып да жүрдү бир суткедей. Бул иликтөөнү бир жыл мурун Эдил Байсалов жүргүзүп, күнөөөнүн баарын АШАнын мойнуна илип, жообун күткөн болчу. Лям дебеген АША, жооп берүүнүн ордуна аны өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланып, минтип кезектеги АША-өрдөгүн АКШнын “Азаттык” үналгысы аркылуу учуруп ийди. Оболу бул сенсация “салмактуурак” болуп, ызы-чууну болбосо да кызуу талкуууну жаратты. Өзгөчө АШАнын акырынан жем жегендерге табылбай калып, нелерди гана жазып ийишпеди, ушу саам да жазып жатышат. Бирок Гэббельс айткан “Калп чегинен канчалык ашып турса, ал ошончолук ишенимдүү, чындыктай болот” дегени бу курдайы суу кечпей калды. Көрсө, “Азаттык” жанын сабап, мына “уурдап” кетти деп алынын баарынча кыйкырганы “жел” болуп чыкты. 2011-2017-жылдарда Кыргызстандан четке чыгарылып кеткен каражаттар Дордой, Кара-Суу, Мадина базарларынын соодагерлеринин эле акчасы болуп чыкпадыбы. Муну ырасмий бийлик ырасмий тилде түшүндүрдү. Бирок, АШАчылар ага ынамак беле, жок эле жок, бийлик жалганды ышкыртып жатат, чындык жалгыз гана Атамбаевдин чөнтөгүндө деп жерди тепкилеп жатышат ушу кез да.

Албетте, мындай маалыматты бизнестен алысыраак жашашкан адамдар түшүнбөйт дечи. Бирок бүгүн Кыргызстанда бизнес менен шүгүлдөнбөгөн жанды табуу кыйындыгына байланыштуу, алар амалкөйлүктү дароо баамдашты. “Азаттык” кудум ушерден чалынып, чалкасынан кулады. Маалымат сазга малынып, сорулуп кетти. Болгону Американын аттуу-баштуу үналгысынын беделин биздин журналисттер кыйлага түшүрүп ийишти.

Эң кызыгы, чет элдик басмалар, үналгыларга кайсыл Кыргыз банк кантип маалыматын кармата берсин деген соболду эч ким койгон да жок. Ички-тышкы саясатыбызга биротоло киришип, кыңк этпе деп атка минерлерди коркутуп алганын каякка жашырабыз.. Керек болсо алар УКМКны да текшерип, аларды реформалоо деп кыйкырып, кала берсе ачык жазып жүрүшөт. Негедир чет элдик басма экенине, алардын андайга кыпындай укугу жоктугуна эч ким башын ооруткусу келбейт. Ал жерде кыргыздар иштегени менен анын сөөгү АКШныкы да, ошолордун гана сөзүн сүйлөйт керек болсо… Акетай, кала берсе айыл өкмөттөр “Азаттык” келатат десе дасторкон жайып, титиреп турушканы жомок эмес. Демек, чет элдик болгон соң, аны ошого баш мыйзам  менен тескеп, алардын мурдун көрүнгөн жерге тыктыра бербешке бийлик үстөлдү катуу мушташы бүгүнкү күндүн талабы.

Мына, элди дүрбөтүп, экиге бөлүп, жыргап жатып калышты. Алардын буйрутмачы журналисттерин мактап-жактап, көкөлөтүп жүрүшөт кыйындар дешип…Журналисттик  этиканы одоно бузушуп, кайдагы бир болбогон нерсеге азгырылып кеткен үналгынын канчалык кадыр-баркы барын кечээки шоусу ачык көрсөттү. Жаап-жашыруунун кереги не бул шоунун артында Пушкин же башкасы эмей эле ааламдагы жападан жалгыз 10 граммдык кытай ыстыканчигинде коньяктан согуп жүргөн Атамбаев тургандай. Байсаловдун иликтөөсүн баштан аяк тетири кылып көрсөтүп, АШАга таандык дегенин Раимге деп уруп алышып, бүгүн ыңгайсыз абалда калганын да айта кетели. Кала берсе камакта жаткан С.Исаковду жалдап, ага да котур таштан берип, Сокенин короосуна ыргытып көрүштү. Ляппайизмден бүткөн Сапарга не, шефи айтса жасабашка аргасы да жок.

Кандайынан албайлы, ажыдаар канчалык жарадар, ахыбалы оор болсо да ал али да өзүн ажыдаар катары сезип келет. АША, сен эми төө деле эмессиң деген гана жан жок жанында. Кеңешчилерине анын калтасындагы “жашылбайлары” гана керек. Ошон үчүн утур жаңы шоуну ойлоп табышып, калтасын кагыл келишет.

Ошон үчүн президент бул маселеге олуттуу карап, АШАнын колуна чыбык уруп койбосо, ал дагы далай былыктарды чубалтышы бар. Дарттын алдын албагандарды не күтөрүн дагы бир ирет эске салууга мажбурбуз.

Анаркан Чолпонова

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: