Menu

Батукаевди баладай бапестеп атып, балээни башка үйдүкпү?..

Бөлүшүү:

Ыйманы жоктор буттары жерге тийбей чуркашкан

Бабаларыбыз “Кыңыр иш – кырк жылда билинет” дешсе, мурдагы бийликтин кыргызга каршы жасаган кылымдык дагы бир кыңыр иши тогуз жылдан кийин эле кайра козголду. 2013-жылдын апрелинде Борбордук Азиядагы криминалдардын төбөлдөрүнун бири Азиз Батукаев “айыккыс ак кан” дартына чалдыккан деген шылтоо менен күтүлбөгөн жерден бошотулуп, Сауд Аравиясынын тактыга талапкер принцтеринин бириндей, ардактуу кароолдун коштоосунда “Манас” аэропортуна жеткирилип, ошерден колуна паспорту тапшырылып, “Челенджер” менчик учагында Грозныйга учурулуп жиберилгенде эле ал мамлекет башчысынын түздөн-түз көрсөтмөсү менен ишке ашырылгандыгы жөнүндө айтылган. Бирок ага убагында жогору жактагылардан эч ким көңүл бурган эмес. “Булардын колдорунан эмне келмек эле, айтып, жазып кала беришет, ит үрө берет, кербен жүрө берет” – деп коюшкан.

Мына эми ал афера да ашкереленип, ага катышы барлардын колдоруна хром жалатылган “билериктер” салына баштады. Ал уюшулган кылмыштын аягы ошол убакта мамлекетти жетектеп турган баягы эле жоболоңдуу АШАга барып такалып жаткандыгынан кенедей да шектенбесе болот. Андан көрсөтмө болбосо, саламаттыкты сактоочулар ары-бери жалган диагнозду сомдошмок, ошол убактагы Акыйкатчы (ошол аттан айлансын, ары жок болсун!) Турсунбек Акун кайра-кайра Батукаев жаткан жерге барып, анын ден соолугу чындап эле начар экендигин ЖМКларга маалымдап, акыр аягында анын ишин караган судьяны да шаштырмак, ал эми Башкы прокуратура аны дыкат текшертмек түгүл, парламентке келип алып, анын адвокатына айланмак, кримтөбөлдү тезирээк Кыргызстандан чыгарып жиберүү үчүн жаза аткаруу кызматынын кеңешчисинен тартып вице-премьер-министр Ш.Атахановго чейин буттары үзүлгүчө жүгүрүшмөк эмес.

2013-жылдын апрели – Кыргызстандын укук коргоо, башкаруу системасынын дүйнө жүзүнө шермендеси чыккан мезгил болгон. Бирок ошол убактагы “жашылбайларды” чөнтөктөрүнө оңду-солду солошкон фигуранттар криминалдык операцияны ишке ашырышкандыктарына уялышмак түгүл, тескеришнче, сыймыктанышкандай парламентке жабылып келип, бири-бири менен жарыша бардыгы мыйзамдуу болгондугуна депутаттарды, коомчулукту ишендирүүгө жанталаша аракеттенишкен. Анда баарынан да кызматтык функциясы боюнча ал аферага каршы турууга милдеттүү, ошол убактагы Башкы прокурор Аида Салянованын Батукаевге адвокаттык кылганы аябагандай терс таасир калтырган. Эгерде Нарын шаардык сотунун судьясынын мыйзамсыз чечимине протест жазып, жок дегенде анын ишке ашырылышын 2-3 айга кечеңдете турган Башкы прокурор баш кесер кримтөбөлгө адвокат болуп жатса, ошол өлкөдө мыйзамдуулуктан бир нерсе калгандыгы тууралуу сөз кылып болобу?

Баш кесерди бошоткондор канчадан алышкан?

Биздин чиновниктерди тамандарын жерге тийгизбей жүгүртүп, кандай нерсени болбосун аткарууга мажбурлай турган жарыкчылыкта эки эле нерсе бар: биринчиси эң жогортон чыккан буйрук болсо, экинчиси – акча. Батукаевди чагылгандай тездикте бошотуп, ардактуу кароолдун коштоосунда тарыхый ата мекенине узатып жиберүүдө ушул эки фактор бирдей роль ойногон. Алсак, аферанын идеологиялык жана маалыматтык жактан камсыздоочусу – ошол убактагы Акыйкатчы Турсунбек Акун болгон. Ошол убактагы гезиттерди карасаңыз, анын А.Батукаевди тезирээк бошотпосо, жакында түрмөдө өлүп кала тургандыгын айткан интервьюларынан, билдирүүлөрүнөн баш айланат. Ал 2013-жылдын башталышынан апрелге чейин Нарындагы Батукаев жаткан түрмөгө беш-алты жолу барып келген, Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовго кайра-кайра телефон чалып, анын ишин тезирээк кароону айтып, шаштырып турган. Грозныйга да барып келген. Чечендер ага 200 миң доллар берсе, ага ыраазы болбой тамын бүтүрүп алганга дагы акча сурагандыгын кримтөбөлдүн эжеси Яха Батукаева убагында ЖМКларга маалымдаган. Анын канчасы чын экендиги тууралуу так айта албайбыз, бирок булар 2013-жылы Кыргызстандагы ЖМКларга жарыялангандар. Акыйкатчы аларга каршы убагында доо койбогондугуна караганда айтылгандарда чындыктын өтө эле чоң үлүшү болсо керек. Болбосо анын Батукаевде кандай жумушу бар? Ал – Кыргызстандын жарандарын өлтүргөндөрдү эмес, өзүбүздүн жарандардын укуктарын коргоо үчүн Акыйкатчы болуп шайланган эмеспи.

Афераны уюштуруп, аткаруучу ошол убактагы күч түзүмдөрүнө кураторлук кылган, мурда өзү көп жылдар бою ички иштер тармагында жетекчи кызматтарда иштеген Шамил Атаханов болгондугу, Батукаевди Грозныйга алып кеткен менчик учакты Алматыдан чартерлик каттамга анын баласы Данияр Атахановго караштуу “Анилия” ЖЧКсы чакыргандыгы, бирок кийин ал буйрутмачынын өтүнүчү менен аты жашырылгандыгы эми ачыкка чыгууда. Эгерде ал чын болсо, аферага Шамил Атаханов гана эмес, анын баласы да тийиштүү болул чыгат.

Батукаевди бошотуу үчүн чечен мафиоздору Акаевдин, Бакиевдин бийликтеринин тушунда 10 миллион долларга чейин сунушталып келгендиги, бирок андай өтүнүчтөргө эки качкын президенттин айланасындагылар көңүл да бурупшагандыгы айтылып, жазылып жатат. Эмне дебейли, алардын АШАга салыштырганда аз да болсо абийирлери, уяттары бар экен. Эки качкын “ниже своего достоинство’’ деп көңүл бурбай койгонду азыр мамлекеттик резиденциянын ардактуу жеринде ардактуу пенсионер катарында мамлекеттин эсебинен жашап, анысын элге милдет кылып жаткан ары жок АША аткарып жатпайбы. “Балыкчы-балыкчыны алыстан көрөт’’ деп бекер айтылбаптыр.

“Шибегени капка ката албайсың”. Криминалдар дүйнөсүндө эмне болуп жаткандыгын алар менен дайыма байланышта болгон түрмөдөгүлөр жакшы билишет. Ошол убакта Нариман Түлеев түрмөдө отурган. Анын айтымында, Батукаев бошоп кеткенде түрмөдөгү узун кулактар ал үчүн кыргыз бийлигине бардыгы болуп 2 миллион доллар төлөнгөндүгүн маалымдашкан экен. Анын 500 миң доллары аферанын башында турганга, 300 миң доллары андан кийинки айымга берилиптир. Ал эми калгандары 100 миң доллардан башка фигуранттардын ортосунда бөлүштүрүлүптүр. Кримтөбөлдү бошотууга тиешеси барлардын бардыгынын убагында жанталаша адвокаттык кылгандарынын бир себеби ушунда болуп жүрбөсүн? Айрым чиновниктер ага кошумча дагы сурашса, аларды “окутуп коюш” үчүн чечендер жасалма долларларды карматып коюшуптур. Бул өзүңүздөр билесиздер, эмчек сураганга башка мүчөнү карматып койгондой эле шылдың.

Негизги фигуранттар неге четте калышууда?

Ф.Кулов убагында Батукаев менен каршылашып, ага башкы душман болуп жүргөн кримавторитеттин 54 адамды өлтүргөнгө тиешеси болгондугун маалымдаган. Албетте, ал жагын өмүр бою ички иштер системасында иштеп келген, төрт жылдай Батукаевдин көзөмөлүндөгү колонияда отурган. Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин төрагасы Т.Акматбаев өлтүрүлгөндөн кийин аны менен жолугушуп, колонияны штурмдан, мүмкүн, Батукаевди өлүмдөн сактап калган генерал жакшы билет. Эгерде Ф.Куловдун маалыматы чын болсо, А.Батукаевдин эсебиндеги-шейит кеткендер деле андан аз болуп чыкпайт. Анткени, эки кримавторитет “тишке-тиш, башка-баш” деген принципте айыгышкан эрегиште жашашкан. Башкасын айтпайлы, парламенттин комитетинин төрагасы Т.Акматбаев, колониянын жетекчиси, аларды коштоп жүргөн Жогорку Кеңештин аппаратынын эки жооптуу кызматкери түздөн-түз Батукаевдин буйругу менен өлтүрүлүп, айрымдарынын баштары, кээ бир дене мүчөлөрү кесилип, өлүктөрү кордолгондугу аныкталган факты. Аны эч кич тана албайт. Алардын баары тийиштүү папкелерде сурөттөрү менен турат.

“Эсептелүү күндөн кийин өлөт”- деген А.Батукаев ошол жылдын 2-октябрында 18 жаштагы кызга үйлөнүп, Чеченстанды дүңгүрөткөн той берген. Ал маалымдалганда, Кыргызстандагы айрым гезиттер Батукаев кыздуу болсо, атын Аида же Феруза, ал эми уулдуу болсо, Алмазбек, Шамиль же Турсунбек деп койгону жатканын жазышкан. Анын эки балалуу болгондугун билебиз, бирок алардын жыныстары, аттарын кандай койгондугу белгисиз. Азиз Батукаев азыр Москвадагы негизги базарларды көзөмөлдөө үчүн орус, азербайжан кримтөбөлдөрү менен тирешип, айрымдарын сүрүп чыгарып жаткан убагы. Ал Россиянын майлуу-сүттүү жерлерин көзөмөлдөгөнгө жетишсе, Кыргызстандын базарларына да көз артышы мүмкүн.

Ал өзү жөнүндө чуу чыкканда Зарылбек Рысалиевге телефон чалып, “Заке, мен кылмышкермин, ал туура. Бирок, мен эркиндигимди силерден нак акчага сатып алганмын. Мен качып келбесем, силер өзүңөр чыгарсаңар, анан эмнеге чуулдап жатасыңар?”- деген доосун айтыптыр. Кримдүйнөнүн мыйзамы менен алганда аныкы туура, ал биздин ыйманы жоктор сураганды төлөдү. Эми ага биздин укук коргоо органдарыбыздын колдору жетпейт, бирок ага эркиндикти нак акчага саткандардан сураганга убакыт келди.

Элибизде “кан коё бербейт” деген сөз бар. Анын мааниси – адам өлтүргөн, же адам өлтүргөндү калкалап, жазадан куткаргандар канкорлордой эле күнөөкөр, эртедир кечтир алар жазасын алыш керек, аларды кудай да болсо жазалайт дегенди билдирет. Учурга карата аферанын уюштуруп, аткаруучусу баш болуп, анын көрсөтмөлөрүн аткарган врач, лаборант, кеңешчи, судья сыяктуулар кармалышты. Ошол убактагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева кармалды эле, “тергөө менен кызматташып жатат”- деп кайра коё берилди. Макала жазылып жатканда экс-башкы прокурор Аида Салянованын кармалгандыгы маалымдалды. Бирок, афераны ар тараптан уюштуруп, ишке ашырууга алардан да чоң салым кошкон Турсунбек Акун, Башкы прокурордун ошол убактагы орун басары Людмила Усманова, жазаларды аткаруу кызматынын ошол убактагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев, экс-ички иштер министри Абдылда Суранчиев, орун басары Фурхат Үсөнов, атайын прокурор Майрамбек Акматалиев, Акылбек Асанов, Кубатбек Жуматаев деген сыяктуу фигуранттарга, алардын эң башында турган АШАга неге кезек жетпей жатат?

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: