Өткөн жылы саясатчы Эдил Байсалов ачыкка чыгарган миллиондор тууралуу маалыматтарды “Азаттык” үналгысы башкача өңүттөн изилдеп, аны Бажы кызматынын мурдагы орун басары Раим Матраимовго барып такады.
Бул иликтөө жарыяланар замат коомчулукта катуу талкууланып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин шыбакчылары аны бийликке сокку катары колдонууга өттү. Бирок, Байсаловдун 1 жыл мурда жасаган иликтөөсү соцтармакта кайра тарагандан кийин Атамбаевдин командасынын оозу жабылды.
“Азаттыктын” иликтөөсүн бийликке каршы курал катары колдонуу үчүн оператор-монтажер Бектур Стамкулов чоң эмгек жасаган экен. Бул бала Кундуз Жолдубаеванын жакын адамдарынын бири дешет. Буларды “Медиа группа План Б” аттуу ЖЧК байланыштырып турат. Анткени, аталган ЖЧКга “Factchek.kg” сайтынын ээси Болот Темиров үчөөсү ээлик кылат. Буга чейин Жолдубаева менен Стамкулов далай фейк-видеолорду жасап коомчулуктун башын айланткан дешет. Эми Стамкулов “Азаттык” үналгысына ишке орношо калып өнөктөшүнүн заказдарын аткарып жатабы?
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ