Menu

Финполициянын жетекчиси Таировго АШАнын “Форуму” маалыматтык чабуул даярдап жатабы?

Бөлүшүү:

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовдун мүлкүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финполиция) текшерип жатат. Бул орган баарын кылдаттык менен иликтеп, “Азаттык” үналгысы жарыялаган миллиондордун төркүнүн да аныктаганы турат. Албетте, бул экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн жагымсыз болот. Анткени, андагы фактылар 2018-жылы саясатчы Эдил Байсалов иликтеген АШАнын шектүү компанияларына барып такалууда. Мындай жагымсыз окуянын алдын алган Форумдун технологдору Финполициянын жетекчиси Бакир Таировго карата маалыматтык чабуулун баштаганы жатыптыр. Ишенимдүү булактар кабарлагандай, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева баш болгон жалганчылар Б.Таировду ар кимге шытап, аны Матраимовдордун адамы катары сыпаттоо планын да түзүп жатыптыр. Калпты чындай кылып таратып, элдин башын 6  жыл айландырып келгендердин аракети бул жолу текке кетет. Анткени, эл кимдин ким экенин көрүп, билип калды. Финполицияны жана анын жетекчисин канчалык каралап, басым көрсөтпөсүн Атамбаевдин абийири дал ушул “Азаттык” иликтеген миллиондордон ачылат. Шашпай турсак алдыда кызыктын баары болчудай. Калпты чындай кылып таратып, элдин башын 6 жыл айландырып келгендердин аракети бул жолу текке кетет. Анткени, эл кимдин ким экенин көрүп, билип калды. Финполицияны жана анын жетекчисин канчалык каралап, басым көрсөтпөсүн Атамбаевдин абийири дал ушул “Азаттык” иликтеген миллиондордон ачылат. Шашпай турсак алдыда кызыктын баары болчудай.

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: