Menu

Фото – ККК УКМК КР: Мыйзамсыз киреше табуудагы туруктуу схемага бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

2019-жылдын 3-июнунда КР УКМК ККК тарабынан алдоо жолу менен алынган кылмыштык кирешени мыйзамдаштырууга каршы жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз иш-аракеттен киреше тапкан, чет элдик жарандар тарабынан чет элдик банкты жана эл аралык төлөө системасын колдонуу менен уюштурулган жана жетектелген туруктуу схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2015-жылы белгиленген “Кумар оюн ишине тыйуу салуу жөнүндө” КР Мыйзамына карабастан, “Т” конторасынын өкүлдөрү коммерциялык банктардын, төлөө терминалдарынын жана эл аралык электрондук төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, өздөрүнүн мыйзамсыз кирешесин мыйзамдаштыруу үчүн “Э” ЖЧК түзгөн жана маалыматтык-телекомуникациялык каражаттардын жардамы менен спорттук
оюндардын жыйынтыктары боюнча коюм катары төлөмдөрдү алып турган. Ошентип, мындай жол менен табылган мыйзамсыз кирешелер чет өлкөлүк банктардын жана чет элдик төлөм системасынын эсебине чыгарылган.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш чаралардын алкагында 35,7 млн. сом жана 31,1 миң АКШ доллар эсебиндеги акча каражаты алынды.

Мындан тышкары, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин айтылган компания КР чегинин сыртында жайгашкан чет элдик банктарга 1 млрд. сомдон ашык акча каражаттары которулган.

Азыркы убакта “Э” ЖЧК жетекчиси чет элдик жаран Ю.А. КР УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: