Menu

ЕБ Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы ГЭС курулушуна 20 миллион евро грант бөлөт

Бөлүшүү:

Европа биримдиги (ЕБ) Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рошткала районунда жайгашкан «Себор» ГЭСинин курулушуна 20 миллион евро гран бөлүп берет. Бул тууралуу бүгүн Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Евробиримдиктин гранттык каражаты Шохдара дарыясына курула турган ГЭСтин объектилерин тургузууга кете турган чыгымды толугу менен жабат.

«Себзор» ГЭСинин курулушу 2015-жылы башталган. Анда тажик бийлиги анын кубаттуулугу 10 МВт болорун билдирген. ГЭС автоном облусту гана эмес, Ооганстандын чек арага жакын аймактарын дагы электр энергиясы менен камсыз кылары айтылган.

Андан бери ГЭСти курулушу дээрлик токтоп калган. Быйыл жыл башында тажик өкмөтү «Себзор» долбоорун ишке ашыруу үчүн инвесторлорду издеп жатканын билдирген.

Тоолуу Бадахшан автоном облусу Кытай менен Ооганстандын чек арасына жакын жана Тажикстандын негизги аймагынан обочо жайгашкандыктан, Душанбе аны «тынч эмес» аймак деп эсептейт. Мындан тышкары автоном облуска жакын жерде Ооганстанга таандык Вахан коридору жайгашкан. Узундугу 295, туурасы 15-17 чакырымды түзгөн бул аймак ооган тараптан дээрлик кайтарылбайт. Мындан улам өлкөгө экстремисттердин кирип келүү ыктымалдыгы жогору. Былтыр ноябрда милиция кызматкерлеринин колунан жергиликтүү тургун каза болгондон кийин Тоолуу Бадахшанда нааразылык акциялар өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: