Menu

Туйгунаалы Абдраимов сулуулуктун символубу?

Бөлүшүү:

Кызматка дайындалгандан бери дымы чыкпай жаткан Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов үйлөгөн чаначтай көпкөн экен, кызталак 5-июндагы Орок айылында болгон чырда журналист кызды бүт элдин көзүнчө басмырлап, мазактап, мыскылдаптыр. Бул кылыгы менен Туйгунаалы кызматтык этиканы гана бузбастан, адамдык сапаттан дагы айрылганын тастыктап отурат. Салтка, динге, абийирге салып караганда дагы кайсы бир кишинин түсүнө карата кемсинтүү – бул айбандыкка, наадандыкка жатат.

Кечээ кунү журналисттер Туйгунаалы акылына келип, кечирим сурайбы деген илгери үмүт менен алдына барса адатынча корсулдап, тоң моюндугун көрсөтүп опурулуп, кагып-сөгүп качып кетти. Демек, өкмөт жетекчиси бул адамдык сапаттан айрылган айбан чалыш жетекчини токтоосуз түрдө отставкага айдашы керек. Коомдук милдетин аткарып жүргөн журналисттин жеке адамдык аброюна шек келтирген айбан мүнөз пенденин эл башкарып отурганга акысы жок! Мындай карасаң жарытылуу иш жасаганы эч көрүнбөйт.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: