Menu

HRW Казакстанды ачык болууга жана саясий туткундарды бошотууга чакырды

Бөлүшүү:

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму 9-июнда өтө турган президенттик шайлоонун “мурдагы шайлоолордон эч айырмачылыгы болбойт” деп эсептейт.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Мира Риттмандын айтымында, Казакстандагы саясий транзит – алдын ала терең ойлонулган жана көзөмөлдөнгөн жараян.

5-июнда жарыяланган “Казакстандагы шайлоолор жана транзит элеси” аттуу билдирүүдө Риттман өлкөдө бийлик авторитардык бойдон калганын, тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынып, журналисттер кармалып, сөз эркиндиги ооздукталып жатканын белгилеген.

Казакстандагы кыска мөөнөттүү шайлоо кампаниясында оппозициялык активдүүлүккө чектөө киргизилгенин, башкаруучу партияда административдик ресурс бар экенин эске алганда шайлоо мурункудан өзгөчөлөнбөй турганы айтылат. Касым-Жомарт Токаев президенттик ыйгарым укуктарына киришип жатып, Назарбаевдин “стратегиялык багытын” уланта турганын билдирген.

Мира Риттмандын пикиринде, Назарбаев репрессиялык аракеттерге ыктаган, сынчыларын түрмөгө камаган, сөз эркиндигин ооздуктаган мурас калтырып кеткен.

Риттман Казакстандын жаңы президенти ММКлардын ачык-айкын иштөөсүнө шарт түзүп, тынч жыйын өткөрүүгө уруксат берип, саясий туткундарды бошотушу керек деп эсептейт.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо ушул жекшемби күнү, 9-июнда өтөт. Президенттике сегиз талапкер ат салышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: