Menu

Экс-президентке президенттик мөөнөтүндө көрүнбөгөн коррупция азыр кантип көрүнүп калды, ыя?

Бөлүшүү:

Ансыз да ара жолдо турган КСДП партиясынын «Форумдагы» бөлүгү эртең 8-июнда коррупцияга каршы митинг өткөргөнү жатыптыр. Эң кызыгы, ал митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев катышат экен. Өзү башкарган 6 жылдык президенттик мөөнөтүндө коррупциянын кандай кулач жайганын эми көргөн экс-президент коррупцияга каршымын деп чамынып атыптыр. Күлөсүң да, күлөсүң! Президент кезинде
коррупция менен ушунтип күрөшсө жарашпайт беле, аттиң! Чын да, эй! Өлкөдөгү саламаттыкты сактоо, сот, билим, бажы ж.б. тармактарды чырмооктой каптаган коррупцияны мындай кой, мамлекетти очойгон карызга батырган ЖЭБ, Тарых музей сыяктуу ири жемкорлук дал ушул кишинин башкаруу учурунда орун алганы жалганбы? Бул жагы, «ууруну кармагыла деп ууру жүрөт» деген икаяга окшошуп туру.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: