Menu

Түркиянын элчиси Төмөнкү Орок айылына элчиликтин кызматкерин алып чыгуу үчүн барган

Бөлүшүү:

5-июнь – Орозо айт күнү Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төмөнкү Орок айылында Айт намаздан кайткан балдардын мушташы аз жерден улуттар аралык жаңжалга айланып кете жаздап, бул окуяга ал тургай эл аралык боёк сүртүү аракети да болду. Экинчи жагдай, окуя болгон жерге Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын баруусуна байланыштуу. Тилекке каршы айрым ММКлар окуянын чыныгы маңызын билип-билбей туруп эле, балким жазган макаласын окумдуу кылуу үчүнбү элчинин бул кадамына туура да, калпыс да бааларды беришүүдө. Биз да кырдаалга реалдуу аныктама берүү максатында окуяны иликтеп чыктык. Ошол күнү, 5-июнда элчиликтин консулдук бөлүмүндө иштеген аял элчиге телефон чалып, өзү конокто отурган үйдүн терезеси талкаланып жатканын айтып, ыйлап жардам сураган. Өзгөчө белгилеп кете турган жагдай, аталган аял Түркиянын элчилигине караштуу консулдук кызматта иштеген жана кош бойлуу болгон. Андыктан ошол замат бир гана элчи эмес, дипломатиялык корпустун бир нече кызматкерлери окуя болгон жерге жетип барышкан. Барган соң өз кызматкерин эсен-аман алып чыгуу менен эле чектелип калбастан, элчи жергиликтүү эл менен жолугушуп: “Кыжаалат болбоңуздар, бул маселени айыл аксакалдары, күч органдары менен чечиш керек. Эгер керек болсо кайрылыңыздар, биз тараптан жабырлануучуларга баардык медициналык жардамдар көрсөтүлөт…”,-деген сөздөрүн интернет аркылуу тараган видеодон деле көрсө болот. Дагы бир белгилеп кете турган жагдай, жергиликтүү эл Түркиянын элчисин агрессивдүү эмес, жылуу маанайда кабыл алып, эмоцияга алдырбай сүйлөшүшкөнүн да видеодон байкоого мүмкүн. Айтор, түрк элчисинин ал жерге баруусун жергиликтүү эл түшүнүү менен кабыл алып, жакшы узатты. Балким, элчинин бул ыкчам кадамы кандайдыр бир деңгээлде окуянын андан ары курчушуна жол бербей, кайра басаңдатууга жардам берди окшойт. Кудай жалгап, укук коргоо органдарынын ыкчам аракети менен жаңжал көп курчубай басылды. Ал эми Түркия мамлекетинин элчилери өз жарандарын эч качан кыйынчылыкта калтырбайт турбайбы…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: