2019-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси М.Арстанбаев Россия жана жаӊы эгемендүү мамлекеттер менен соода жүргүзүү боюнча япон ассоциациясынын (РОТОБО) президенти Шигеру Мураяма мырза менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Элчи РОТОБО менен учурдагы кызматташууга канаатануусун билдирди. Ал Ассоциациянын «бизнес-матчинг» долбоору сыяктуу куралдарынын ийгиликтүү экенин белгилеп, анын алкагында Японияда өтүүчү көргөзмөлөргө кыргыз экспортчулары жыл сайын чакрылып тураарын айтып өттү. Ошондой эле М.Арстанбаев, акыркы жылдарда РОТОБО менен биргеликте өткөрүлгөн Элчиликтин бир катар иш-чараларына токтолуп, бул түптөлүп калган тажрыйбаны улантууга чакырды. Ш.Мураяма РОТОБОнун тарыхына кыскача токтолуу менен бирге, мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөр менен өткөрүлүп жаткан биргелешкен иш-чаралар жана алар менен кызматташууну ишке ашыруунун куралдары жөнүндө айтып берди. Кыргызстан менен экономикалык кызматташууну кеӊейтүү, бул багыттагы тоскоолдуктар жана аларды чечүүнүн мүмкүнчүлүктөрү боюнча да ой бөлүштү.
Мындан тышкары, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты тереӊдетүүнүн ар түрдүү мехзанизмдери жөнүндө пикир алмашышып, алар боюнча консультацияларды улантууну макулдашышты. Ошондой эле, 2019-жыл ичинде жана 2020-жылдын биринчи кварталында бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча да бир пикирге келишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ