Menu

Фото – Жазаларды аткаруу мамкызматы “Дөө Чыңгыз” – Чыңгыз Жумагуловдун бүгүнкү абактагы сүрөттөрүн жарыялады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-июнда социалдык тармактарда “”Дөө Чыңгыздын” абактагы жашоосу” аттуу сүрөт тараган. Анда кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов өзүнүн камералаштары менен килем төшөлгөн камерада дасторкон жайып олтурган.

Буга байланыштуу КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы атайын билдирүү жасады.

“Дөө Чыңгыздын” – Чынгыз Жумагуловдун кармалуу шарттары боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз. Бүгүн социалдык тармактарда Чынгыз Жумагуловдун эски, башка абактагы камерада, кезектеги жаза мөөнөтүн аткаруу учурунда тартылган сүрөттөрү таркатылды.

Бүгүнкү күндө Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги N47-түзөтүү колониясындагы абактагылар үчүн ооруканада аллергиялык дерматит диагнозу менен дарыланууда”, – деп айтылат билдирүүдө.

Салыштыруу үчүн: үстүңкү сүрөттөр бүгүн, 7-июнда N47-түзөтүү колониясында тартылган жаңылары, астыңкы сүрөт эски фото.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: