Menu

Туйгунаалы кечирим сурасын да кызматынан кетсин!

Бөлүшүү:

«Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү журналисттен кечирим сурап, кызматтан кетиши керек!» Ушундай талап менен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, Чүй облусунун башчысы Туйгуналы Абдраимовду айыптап жатышат. Анын себеби, 5-июнь күнү Сокулук районуна караштуу Орок айылындагы окуяны чагылдыруу үчүн барган журналист кыздардын бирине орой мамиле кылып, “Сиздин жүзүңүз мага жакпай турат” деп какшыктаганы себеп болууда. Албетте бул түздөн-түз кемсинтүү эмей эмне?

Экинчиден бул мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдын оозунан чыга турган сөз эмес эле. Ушу тапта бир эле журналисттер эмес, коомдук активисттер да Абдраимовдун мындай кемсинтүүсүнөн улам анын мындай сөздөрүнө жана мамилесине мыйзамга жараша баа берилиши керек деп жатышат. Туйгунаалы демекчи, бу чиновник өткөнүнөн сабак албайт окшобойбу. Бир окуя эске келет. Ал тээ 2005-жылга барып такалат. Ошондо президенттик шайлоо өткөндө белгилүү нарколог Ж. Назаралиев талапкерлигин коюп, тил сынагынан өтүп жатканда комиссия мүчөлөрүнү ойлору экиге бөлүнүп, бир чечимге келе албай, башка күнү кайрадан сынак алмай болушат. Бирок, Жеңишбек Назаралиев талапкерлигин чакыртып, күрөөгө койгон 100 миң сом акчасын алайын деп БШКга барса, ал кездеги БШКнын чоңу Абдраимов акчасын кайтарып берүүдөн баш тартат. Көп өтпөй экөө Ак үйдүн залынан бетме-бет чыгып калышып, анан дайым спорт менен машыккан Жеңишбек мырза Туйгуналы мырзаны 320-кабинетке сүйрөп кирип, кекиртегинен дубалга такап, бастырып таштайт… Ошол эле күнү түштөн кийин Т. Абдраимов Биринчи Май райондук милициясына арыз жазып, Ак үйдүн 320-кабинетинде Ж. Назаралиев аны эч себепсиз сабап салганы боюнча даттанат. Бирок, Назаралиев да «встречный» арыз жазып, милиция да кимге тартаарын билбей, акырында «өзүңөр чечишип алгыла»- деп ишти жаап салышат. Ошондой келтек жегенин унутуп койгон Туйгуналы эми минтип журналистке, болгондо да журналист кыздардын бирине кекээрленип кемсинткени азыр бүт журналистерди кыжырдантып турат. Эгерде Туйгуналы «губернатор» ошол кесиптешибизден расмий кечирим сурап, өз кылганын мойнуна албаса Ж. Назаралиевден да жүз эсе күчтүү журналистер журту өздөрүнүн жемин оңой менен жедирбейт. Бул чыр премьер-министр М. Абылгазиевге да жетип, Абдраимовго чара көрөм деди. Кандай чара көрөөрүн айткан жок. Азырынча.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: