Menu

Абдраимовдун кызматтан кетишин айрым депутаттар да талап кылышууда

Бөлүшүү:

Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун кылыгынан соң айрым депутаттар анын жумуш ордун тапшырып кетишин талап кылышууда. Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин депутаттары Элвира Сурабалдиева, Аида Касымалиева жана Наталья Никитенко Абдраимовдун айымдарга карата кылган мамилесин терс кабыл алышкан.

Мындай пикирди эл өкүлү Элвира Сурабалдиева соцтармактагы өздүк баракчасына жазып чыкты. Анда: “Гендердик теңчилик мамлекеттин өнүгүүсүнө чоң көмөктөш болот деп ишенип, саясатта элдин үнүн жеткиргендердин арасында депутат айымдардын позицияларын угуп эле жүрөсүздөр. Баардык жарандарыбызга, өзгөчө жаштар, уул-кыздарыбызга келечекте адилеттүү, калыстыкта негизделген бийликтин орнолушуна тилектешбиз. Заманыбыз жакшыга өзгөрүлүш үчүн дискриминацияга, орой мамилеге, эски адаттагыдай басмырлоого жол бербеш керек.. “Кебетең жакпайт” деп журналист айымды кемсинтип, интервью бергенден качкан аткаминерге жарашпайт. Бийликте жүргөн ар бир жетекчиге кайрылат элек – жарандарыбыз ачык-айкын маалыматты өз убактысында алууга укуктуу, “-деп айтылат.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: