Menu

Артур Медетбеков, генерал: “Коррупцияга каршы күрөштөн саясый кызыкчылык издебесек”

Бөлүшүү:

– Артур мырза, Кыргызстандагы камоолор коррупцияга каршы күрөштүн негизинде ишке ашып жатабы же саясий кызыкчылыкка басым коюп жатышабы?

– Коррупцияга каршы күрөш күч алды. Ошон үчүн ойго, түшкө кирбеген фактылар ачыкка чыгып, коррупцияга тиешеси барлар өздөрү эле эмес, коррупциялык схемаларды ишке ашырган чырмалышкан мүчөлөрү менен бирге камакка алына баштады. Бирок эмнегедир коррупциялык күрөштүн негизинде камакка алынгандарды көпчүлүгү саясий куугунтукка кабылгандай түр көрсөтүп жатышат. Бирок мен коррупционерлерди саясий куугунтукка кабылды деп айтпас элем. Себеби алар саясий талаада жүрүп, саясий партияларынын арты менен бийликке келип, саясий кызматтарды ээлешкен. Жыйынтыгында даражалуу кызматтарга жеткен азаматтардын көбү коррупцияга аралашып кетишкен. Барынан кызыгы, алардын былык иштери билинип кармалып, камалып калса эле саясий куугунтукка кабылгандай сүртүм калтырып жатышат. Бул туура эмес. Анткени коррупцияга каршы күрөш бий-икке доомат койгондой бир тараптуу, бир жактуу жүрүп жаткан жок. Коррупцияга тиешеси барлар акырындык менен кармалып, камалып жатат. Ошондуктан коррупция менен күрөшкө түрдүү боёк сүртпөй, күрөш күчүнө кирип жатканын кубаттап, коррупцияга каршы күрөштөн саясий кызыкчылык издебесек жакшы болот эле.

– Андай болсо неге коррупциялык күрөштө катаал оюндар күч ала баштады?

– Чынын айтыш керек коррупцияга каршы күрөштө абдан катаал, татаал өюндар болуп кеткен учурлар да жок эмес. Бирок мамлекетти оңдойбуз, коррупцияга каршы күрөштө катуу турабыз, жыйынтык чыгарабыз десек, мыйзамды туу туткан бардык чараларды коркпой колдонушубуз керек. Себеби биз коррупцияны толугу менен жеңгенче же көрсөткүчүн төмөндөткүчө биздин мамлекет эч качан алдыга жыла албайт. Ошондуктан жогорку кызматтагы чиновниктердин аң-сезиминде орноп калган уурдасам да, жесем да 2-3 жыл отурам же качып кетем деген ойлорун бардык жолдор менен жок кылууга аракет кылышыбыз керек. Ал тургай сестене турган, алганым билинип калса ушундай абалга кептелем деп кооптоно турган кадамдарга да барышыбыз керек. Болбосо алардын мээсине орноп калган нерседен арыла албайбыз.

– Аида Салянованын камалышын көптөр Атамбаевге каршы көрсөтмө алуу үчүн жасалган аракет катары баалап жатышат. Мындай пикирге кошулсак болобу?

– Салянованы Атамбаевге каршы материал алабыз деп каматты деген ойдон алысмын. Анткени Салянова өзү менен табакташ болуп кошо иштешкен эки кишинин көрсөтмөсү жана андан тышкары Батукаевдин чыгып кетишине жол ачкан материалдардын негизинде камакка алынганы коомчулукка билинип калды. Эми териштирүү иштеринин негизинде Атамбаевдин позициясына ылайык Батукаев чыгарылганы аныкталса, буйрукту аткарганы чын болсо, мыйзам алдында баары бирдей жоопкерчиликке тартылышы керек. Ошондой эле алар эл аралык аренада Кыргызстандын кадырын түшүрүп, крим төбөлдүн чыгышына мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн, укук коргоо органдарын бетке чапкандай абалга кептешкени үчүн да жооп бериши керек. Укуктук маданияттын негизинде бардык жумуштарды туура жана так алып барганга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз абзел. Батукаевдин чыгышына Атамбаевдин тиешеси болгону аныкталса, ага каршы да териштирүү иштери жүрүшү мүмкүн. Бирок мен Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө берет деген ойдон алысмын.

-Эмне үчүн Саляновага Атамбаевдин мезгилинен да катаал мамиле жасалып, анын жашы жетпеген кызы бар экени да эске алынган жок?

– Аида Саляновага карата козголгон кылмыш иши боюнча соттор жаңы жылдан кийин ишке кирген кодекстердин негизинде чечим чыгарды окшойт. Бирок коомчулукта анын кичинекей баласын эске алып, үй камагына чыгарса же башка чара колдонсо деген пикирлер да аз эмес. Бирок мунун баарын сот чечип жаткандан кийин анын ишине кийлигишүү чыны менен кыйын иш.

– Аида Жеңишбековнаны неге УКМКга эмес, №1 СИЗОго камашты? Бул жерде аны сындыруу же караларга салып берген катаал мамиле жасалбайбы?

– Мен аны сындырыш үчүн же кордоп кордук көрсөтүш үчүн №1 СИЗОго камашты деген ойдон алысмын. Болгону, Улуттук коопсуздук кызматынын Батукаев боюнча козголгон ишке тиешеси болбогон үчүн бул иш толугу менен Ички иштер министрлигинин карамагында болуп жатат. Ошон үчүн Ички иштер министрлигине караган №1 СИЗОго камакка алынды. Ошондуктан Салянованын №1 СИЗОго камалганынан саясат издебей деле койсок болот. Бул жерде саясий оюн жок.

Бирок коомчулукта №1 СИЗОдо Салянованын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч туулат деген көп пикирлер айтылып жатат. Аида Салянова кезинде Башкы прокурор, депутат болгон. Анын позициясы, саясатта орду да бар. Ошондуктан камакка алынса эле ага басым болуп, кысым болот дегенден алысмын. Же болбосо Салянова СИЗОдон катуу кордук көрүп калат деп ойлобойм. Себеби ал жакта көзөмөл жетиштүү. Андай ыплас иштерге жол берилбейт деп ишенем. №1 СИЗОдо укук коргоо органдары жана видео көзөмөл жагынан өзгөчө көзөмөл күчтүү. Саляновага кысым, басым болот деген жаңылыштык деп эсептейм.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: