Menu

Өкмөт кен жайларды сынакка коюуну пландоодо

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылы Сүлүктү, Кадамжай, Кара-Кече, Туюк-Каргаша, Тоголок, Ноокат, Жетим сыяктуу келечектүү кен жайларын сынакка коюу пландалууда. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов тоо-кен тармагындагы кырдаал боюнча кеңешмеде билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кен иштетүүгө сынактардын шарттарын сапаттуу даярдоо зарылдыгын баса белгиледи.

“Кен иштетүүгө сынактарды өткөрүүнүн шарттарын сапаттуу иштеп чыгуу иштерин баштагыла. Ошону менен бирге, кен жайгашкан аймактын экономикасын өнүктүрүүнүн курамдык бөлүгу катары тармактык эмесөндүрүштөрдү түзүү боюнча талаптарды сынактын шарттарына киргизүү маселесин изилдеп чыгуу зарыл” – деди Мухаммед Абылгазиевю

Мындан тышкары Жерүй, Кичи-Чаарат жана Шамбесай өңдүү келечектүү кендерди ишке киргизүү маселесине олуттуу мамиле кылып, участоктордогу ишти ийгиликтүү баштоо үчүн зарыл иш-чараларды аткаруу керектигин белгиледи.

Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бир катар кендерди ишке киргизүү процессин тездетүүнү, инвесторлорго көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жана четтетүүгө аракеттешүүнү тапшырды.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча сынактардын жана аукциондордун жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджетке өнөр жай өндүрүшүнөн 10 млрд. 687 млн. сомдон ашуун акча түшкөн. Бул тармакта 18 миңден ашуун адам эмгектенет.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: