Menu

Фото — КЭР Төрагасы Си Цзинпиндин кыргыз тилиндеги «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин бет ачаары

Бөлүшүү:

Адам баласы жаралгандан бери канча кылымдар алмашып, канча замандар өттү. Кимдердин аты калды? Кимдер эл оозунда сыймык менен айтылып келет? Негизинен чыгармачыл өнөр ээлеринин ысымдары. Алардын элибизге калтырган нарктуу сөздөрү, ыр-күүлөрү, жомоктору, макал-лакаптары бүгүнкү күндө да көөнөрүп эскирбей, тозбой, улам жаңыланып, түрлөнүп, өзүнүн түбөлүктүүлүгүн улантып келет. Көркөм чыгармачылык – бул жөнөкөй эле эриккендин эрмеги эмес. Бекерчинин оюну эмес. Көркөм чыгармачылык – бул адам затынын дүйнө таанымы, акыл-эси, сезими, каада- салты, тарыхы.

Чындыгында өнөр адамдарысыз эч бир мамлекеттин, улутту элестетүү мүмкүн эмес. Бүгүн да кыргыз элибизди, мамлекетибизди ааламдашуунун селине алдырбай, балекет апааттан сактап жаткан – бул көркөм чыгармачылыгыбыз, аны алып жүрүүчүлөрдөн болгон өнөр адамдары. Адамды акыл-эсинен ажыратып, ата-энесин, туулган жерин, элин унуттуруп, кулга-маңкуртка айланткан жөрөлгөнү (ааламдашууну) жолотпой, колдон келишинче каршы туруп жаткандар да өнөр адамдары. Эгерде өнөр адамдарыбыз болбогондо, көркөм чыгармачылыгыбыз болбогондо, элибиз маңкурттарга, маңгыбаштарга айланып, эл болуудан калып, ар элдиң маданиятына баш ийип, жан дүйнө кызматы болуп, эбак эле жок болмокпуз. Ошол жан дүйнө кыяматынан миңдеген кылымдардан бери, көркөм чыгармачылыгыбыз, өнөр адамдарыбыз гана сактап келе жатпайбы.

Ушул көркөм чыгармачьшыкты алып жүрүүчүлөрдөн болгон өнөр адамдары жоголсо анда анык жан-дүйнө кыяматы болуп, ар элдердин маданиятына баш ийип, аларды пир тутуп, ошолордун маданиятына сиңип жок болуп, эл болуудан калабыз. Кыргыз атыбыздан турган мамлекетибизден, эл-жерибизден айрылабыз. «Улуу инсандары менен өнөрлүү адамдарын кор туткан эл, мамлекет, эзели өйдөлөбөйт, өспөйт. Эч убакта кубаттуу мамлекетке айланбайт, өнүкпөйт. Мындай элден, мамлекеттен эч убакта акын да, ырчы- чоорчу да, улуу инсандар да, баатырлар да, акылмандар да чыкпайт. Акылмандарынын сөзүн укпаган эл, акмактардын сөзүн угат. Андай элдин балдары, көр-тирликтен башы чыкпай, курсактын көйгөйү менен гана жашап калат. Руханий жактан азык алып турбаган адам, руханий жактан өлөт, маңкуртка, кулга айланат. Кул курсагы менен ойлогон адам. Кулдун бүт акыл-эси күнүмдүк жашоого гана багытталган»- дептир бир акылман. Акмактардын сөзүн уккан эл, эмне болорун, акыл башкарбай жалаң акчалуулар башкарса эмне болорун жон терибиз менен сезип жатабыз. «Оозу кыйшык болсо да байдын баласы сүйлөсүн» – деген макал азыркы биздин жашообузга туура келип калды окшойт. Жалаң байлыгына чиренген муун пайда болууда. Бул муун көр тирликти гана эңсешип, ачкөз, рухий жактан жарды болушуп, тирүүлүккө айланышууда. Булар дил байлык, көр оокат байлыгынан канча эсе жогору турарын кайдан билишсин. Илгертеден ушул заманга чейин байлыгы менен чиренген канча миңдеген адамдар өттү бул дүйнөдөн. Байлыгы менен чиренген кайсыл адамдардын аты калды тарыхта? Элибиз болобу саясатчылар болобу баары эле көр оокаттын деңгээлинде ой жүгүртүп, улуттук деңгээлге көтөрүлө албай жатабыз. «Үч революция жасадык» – деп көкүрөгүн чапкылаган революционерлердин кимиси мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүп иш алып барышты? Тескерисинче байлык- бийлик талашышып, талап тоноо, көр оокаттан жогору көтөрүлө алышпай, жыргалчылыкты өзүлөрүнө гана түзүшүп, элдин канын төгүшүп, эчтекеге жооп беришпей шапар тээп жүрүшпөйбү. Дил байлык көр оокат байлыгынан жогору турат. Дил байлыгы жогору турган инсандар көр оокатка болгон ач көздүккө эч убакта барышпайт. Адамдын дилин маданият гана байыта алат. Искусство адамдын жүрөгүн, мээсин тазалайт, коомду тазартат, жакшылыкка үндөйт, жан-дүйнө тазартат. Маданият гана адамзатты тазартат, агартат». Маданият төмөндөсө эч бир гениялдуу саясий реформа ишке ашпайт» делинет. Ага өзүбүз күбө болуудабыз. Дүйнө жүзүнө бизди, мамлекетибизди, улуттук маданиятыбыз гана тааныта алат жана алып чыгат. Элдин жердин даңкын өнөр адамдары чыгарат.

Байыркы Рим империясы улуттун, мамлекеттин даңкын бекемдөө үчүн маданиятты өнүктүрүү керек деп чечет. Рим императору мамлекет идеологиясынын кубаттуу кыймылдаткыч күчү, бийлик менен элдин биримдигин жаратуучу зор күч өнөр ээлерине таандык деп эсептеп, өлкө казынасынан өнөр адамдарынын чыгармачылыгы өссүн деп атайын акча бөлдүрүп, ал гана эмес, бай адамдарга сенаторлорго, баардык атка минерлерге өнөр адамдарын колдоону (азыркы тилде спонсордук) милдеттендирет экен. Ал мезгилде Рим империясынын акчасынын аты Талант аталгандыктан өнөр адамдары акчалуу болушуп байып калышкан го. Элдер өнөр адамдарын тамашалашып Талантуулар (акчалуулар) деп атап жатышып ал аталыш бүткүл дүйнөгө жайылып кетиптир. Азыркы учурда биз өнөр адамдары Таланттуу (акчалуу) болбой эле Талантсыз болуп калдык. Өсүп өнүгө турган мамлекет адегенде өнөр адамдарын сыйлоо керек экенин өнүккөн өлкөлөр эбактан бери эле билишет. Ошол өлкөлөрдө өнөр адамдарына сый-урматтарын көрсөтүшүп, улуттун уңгусу, журт жүзү дешип барктап турушат. Казактын Абылай ханы буга жакшы мисал. Ал Бухар. Жырау деген ырчысына дайыма сый- урмат көрсөтүп турганы айтылат. Бухар Жырау ырчысын дайыма өзүнөн жогору төргө отургузчу экен. «Өзүңүз өтүңүз, сиз хансыз мен болгону ырчымын»-десе Абылай хан сизди Кудай шайлаган мени үч жүз уруу шайлаган. Эмне деген улуу сөз, эл өнөр адамын барктоо.  Ошентип Кудай шайлаган өнөр адамдарынын ыраазычылыгын, ак батасын алганы үчүн ошол жөрөлгө казак туугандарда салтка айланып, азыр да уланып күчөөдө. Казак бийлиги өнөр адамдарын улут уңгусу, журт жүзү катары көргөнү үчүн, алардын мамлекети өсүп өнүгүп өнүккөн мамлекетгердин катарына кошулууда. Президенти Н. Назарбаевдин катардагы эле бир ырчысын барктап, сыйлаганын өз көзүм менен көргөн жайым бар. Алар өнөр адамдарын өзгөчө кадырлап барктап турушарын угуп да көрүп да жүрөбүз. Ал эми Россия мамлекетинин президенти В. Путиндин өз мамлекетинин өнөр адамдарын кандай сыйларын көрүп ушунчалык ардандым. Жылда Жаңы – Жыл алдында өнөр адамдарына сый көрсөтүп турат. Ал мындан эки жыл мурун Жаңы-Жыл алдында жалаң балдар жанрында эмгектенген 50-60тай чыгаан өнөрпоздорун Кремлге чакырып өз фондусунан 22 млн. рублден акчалай сыйлык бергенин теледен көрсөтүштү. 150 миллиондой эли бар Россияда 50-60тай эле чыгаан таланттар балдар жанрында иштешет экен. Бизде болсо онго жетпеген (балдар жанрында көбүрөөк чыгарма жазгандар) инсандар бар экенбиз. Бизге андай миллиондор эмес жылуу сөз айткан киши жок. К. Эралиева экөөбүз балдар үчүн «Күн балдары» аттуу ноталуу ыр жыйнагыбызды чыгарып алып көрбөгөндү көрдүк. Эч кимден жылуу сөз уккан жокпуз. Бизден башка деле балдар үчүн обон-ыр жазгандарга жогоркудай эле мамиле болуп жатат.

Кыргыз элинде деле өнөр адамдарын илгертеден бери эле барктап келишкен. «Акылдын кени акында. Өнөр адамдары ыйык- алардын ыр-күүлөрүн «Кудайдын сөзү»-деп сыйлашкан. Көзү ачык акындарды пайгамбарга теңешкен. Таланттар байыр алган жерлер кереметтүү делинген. Өнөр адамдарын кут алып жүрүүчүлөр, кут жыйноочулар, куттуу инсандар деп эсептешип, карапайым калк эле эмес хандар менен бектер деле сый-урмат көргөзүп турушкан. Өнөр адамдары да элди аруу ыйманга чакырып, акыйкат жашоого чакырып, улууду урматтап, кичүүдү сыйлоого тарбиялап, адам рухунун улуулугун жеткире айтышып, элди аруулантышып, турмуштун эң негизги туткасы руханий байлык экенин, ал көр оокат байлыгынан жогору турарын дайым айтып келишкен. Ошон үчүн ата-бабаларыбыздан бери келаткан нарктуулукту, улуу салттарыбызды ыйык тутуп, көздүн карегиндей сактап келатканы үчүн, нечендеген кылымдарды карытып кыргыз улуту жашап келет. Биз өнөр адамдары (акын-жазуучу, композитор-обончу, комузчу жаратмандар) өз мойнубузга түгөнбөгөн түйшүктү жүктөп алганбыз. Бизди эч ким деле муну жаз, тигини жаз дебейт. Азыркы учурда сен чыгарма жазасыңбы, жазбайсыңбы баары бир. Биздин эч кимге керегибиз жок. Бирок биз Кыргыз мамлекетинде жашап жаткан өнөр адамдары жазган чыгармаларыбыз кыргыз элибиз үчүн, келечек үчүн, келечек муун үчүн, мамлекетибиздин келечеги үчүн керек экендигин жон терибиз менен эч кимден кыйноосуз эле сезип, бир ууч атка минерлерге өчөшүп «Тонду сууга ыргытпай» өз милдетибизди сезип, абийир менен аткарып жатабыз. Ар бир доордун чыгармачыл инсандары өзү жашаган доордун боёкторун өз чыгармаларында жазып, кийинки муунга калтырып кетишкен. Биз дагы өзүбүз жашап жаткан доордун боёгун (ыр-музыкабызды) жазып калтырып кетүү милдетибизди аткарып жатабыз.

Чыгармачыл адамдын ой жүгүртүүсүнөн улам жаңы чыгармалар жаралып турат. Деги эле чыгармачыл адамдар кудайга жакын журт катары айтылып жүрөт. Өнөр адамдарынын жан дүйнөсү назик келет. Ошон үчүн алар дүйнө кубулуштарын, карапайым эл капарына албаган турмуш шардандарын өзгөчө туюмдары менен сезип чыгарма жазышат. Орой мамиле алардын ындынын өчүрүп капа кылат, оорутуп коёт. Чыгармачыл адамдын көңүлүн ооруткан пенде кудайдын каарына калат. Түбү жакшылык көрбөйт. Ал эми бизде болсо чыгармачыл инсандарды кор тутуп, «байкуштар» аташып киши катарына көрбөй тойдо ырдаган адам катары мамиле кылышат. «Акча төлөсөм койлорума келип ырда десем да ырдайсыңар» – дешип келекелешет. Өнөр адамдарына кайдыгер карашып, мазакташып, шылдыңдаган курсагы менен ойлогон байлыгына чиренгендерди кудай өзү жазасын берер. Өнөр адамдары, миллиондогон байлыгы бар пендеге караганда канча эсе бийик турарын билип койгула курсагы менен ойлогон пенделер. Мен жогоруда жазгандай Кыргыз журту миңдеген жылдардаң бери жоголбой сакталып, улут катары эл катары сакталып келе жатышы силердин миллиондогон байлыгыңардын аркасы менен эмес, өнөр адамдары бар үчүн, алар байлыка жутунбай Рух байлыкты туу тутуп, дил байлык, материалдык байлыктан канча эсе жогору турарын элибизге айтып, жар салып турганы, ар бир доордо мурунку доордон калган рух байлыкты сактап, өзүлөрүнүкү менен толуктап улам кийинки муунга өткөрүп берип турушканы үчүн кыргыз эли сакталып туру. Биздеги экономиканын өспөй турушу, атка минерлердин маданиятка жасап жаткан мамиледен улам болуп жатат. Себеби, мына отуз жылдай убакыттан бери элибиз, айрыкча, жаштарыбыз эстетикалык тарбиясыз калышты. Кайра куруу башталганда маданият биринчилерден болуп талкаланды. Улуу муундун эсинде болсо, Маданият үйлөрү китепканалар, музыкалык мектептер, кинотеатрлар маданиятка тиешеси бар ңерселердин баары сатылып, талкаланып, китептер көчөгө ыргытылып, от тамызгыга айланбады беле. Азыр маданиятты бир ууч эле улуу муундун (ортоңку муунда азыраак бар) өкүлдөрү кармап турабыз. Жаштарыбыз мектеп партасынан эстетикалык тарбия албай, нукура кыргызча музыкаларды жаза албай жатышат. Жаштарыбыздын жан дүйнөсү башка элдердин маданиятынын таасиринде талкаланып калды. Ошонун себебинен алар эч убакта кыргызча ыр-күүлөрдү жаза алышпайт. Мектептеги
музыка сабагынын сааттары кыскартылып, өздүк-көркөм ийримдерин каржылоо 1996-жылы токтотулуп, эстетикалык тарбия ошону менен жок кылынды. Азыр деле ошол калыбында улантылууда. Мектептерде 2000ден ашык кесипкөй музыка мугалимдери жетишпейт. Себеби маяна өтө аз. Музыка сабагын, башка сааты аз болгон башка предметтердин мугалимдери өтүмүш болот экен. Ошонун себебинен 2-класстын окуучулары «сүйөм жаным, сүйөм» деп ырдашып жүрүшпөйбү. Угушума караганда чоң кызматтагы маданиятты каржылоого тиешеси бар бир чиновник «20 жылдай убакытта маданиятка чоң каржылоо болбойт, үмүт үзгүлө, акча жок» дептир.. Мен айтат элем, жаштарыбыздын эстетикалык тарбиясыз калышы менен, 20 жылдан кийин экономика өтө өнөгүп қетсе да, мамлекет болуудан калабыз. Улуу жана орто муундун өкүлдөрү бул дүйнөдөн көзү өткөндөн кийин, тарбиясыз калган жаштарыбыз, жалаң гана акча, акча, байуу, жана байуудан башка тарбия көрбөгөн жаштарыбыз, муундан муунга өтүп сакталып, кылымдардан бери келе жаткан Рух байлыктарыбызды сактай алабы? Албетте жок! Себеби алар Рух байлык эмне экенин билбей чоңойсо, дүйнөкорлуктан башканы көрбөсө, өзүбүздүн маданиятты эмес, башка элдердин маданиятын туу тутушса бүттү да. Ошол элдердин маданиятына сиңип жок болушат. Мамлекет ошентип жок болот. Кыргыз улуту кыргыз мамлекети 50 жылдардан кийин жок болуп кете турган улуттардын катарына киргенибиздин угуту мына ушул жерде жатат. Мамлекетти, улутту улут катары кармаган маданият. Ошон үчүн ааламдаштыруунун (глоболизация) негизги доктринасы улуттардын маданиятын, башка элдердин

менен алмаштыруу болуп сана- ‘ лат. Ошон үчүн биздеги кайра куруу, маданиятгы, мектептеги эстетикалык тарбияны акырын-дап жок кылуудан башталды эле мына үзүрүн көрүп баштадык. Бир муунду жоготуп алдык. Бул муун эстетикалык тарбия көр-бөгүнүн себебинен, Руханий жактан жакыр болушуп, мате-риялдык жактан чөнтөктөрү ка-лың болуп, алдыңкы өкүлдөрү бийликке келишти эле эмне болду. Четинен камалып жаты-шат ко. Булар мамлекетибизди эч убакта оңдобойт, тарбиясы ошондой бул муундун. Бир оку-яны баяндайын. Экс депутат Турсунбай Бакир уулу «биз эге-мен өлкө болдук, демократия-нын жолуна түштүк, демокра-тиянын туу чокусуна чыгабіы-з»-деп айгайлап жаткан жылда-ры, депутат катары АКШга бир форумга барып доклад окуйт. Форумдан кийин Тайланд өл-көсүнүн өкүлү мындай дейт: «Мен сиздерге (Т. Бакир уулу аркылуу кыргыз элине) бир нер-сени эскертип коюшум керек

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: