Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда, телефон аркылуу UFC версиясы боюнча аралаш таймаш боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону Чикаго шаарында өтүп жаткан UFC 238  турниринде чемпиондук наамын коргоп калышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы спортчуну жылуу куттуктап, жүз миңдеген кыргызстандыктар, анын ичинде өзү дагы, атактуу жердешибиздин чемпиондук наамды ийгиликтүү коргоп калаарына ишенгенин баса белгиледи.

«Чемпиондукка карай жол эч убакта жеңил болбойт. Ал эми бул наамды коргоп калуу андан бешбетер кыйын. Бирок Сиз атаандашыңызды оңой эле жеңип алдыңыз. Сиздин даярдыгыңыз алда канча мыкты экени көрүнүп эле турду. Биз Сизге ишенебиз жана болочокто чоң жеңиштерге жетишип, дүйнөлүк аренада спорттук эң сонун жетишкендиктерге жетише беришиңизге тилектешпиз!», — деп Сооронбай Жээнбеков спортчуга ак жол каалады.

Валентина Шевченко анын спорттук карьерасына көңүл буруп, колдогону жана жылуу куттуктоосу үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ага ар дайым колдоо көрсөтүп келаткан кыргызстандык мекендештерине жана КМШ өлкөлөрүндөгү күйөрмандарына абдан ыраазы экенин белгиледи. «Мекениме барганда Сиздин кабыл алууңузда болгонумду ар дайым эстейм. Ал жолугушуулар мага күч-кубат берет. Сизге жана бардык мекендештериме рахмат айтам», — деди В. Шевченко.

Эске салсак, Чикаго шаарында өтүп жаткан UFC 238  турниринде кыргызстандык Валентина Шевченко АКШ спортчусун экинчи раундда башка тээп, нокаутка жыгып эң жеңил салмактагы UFC чемпиону наамын коргоп калды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: