Menu

Некролог – Залкар драматург Мырзабек Тойбаев дүйнөдөн кайтты

Бөлүшүү:

Улуттук адабият менен маданият орду толгус оор жоготууга учурады.

2019-жылдын 8-июнунда 84 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, залкар драматург Мырзабек Тойбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мырзабек Тойбаев 1935-жылы, 25-январда Чүй облусунун Чүй районуна  караштуу Талды-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1965-1968-жылдары Кыргыз ССР илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда аспирантурада окуган. 1970-жылы «Кыргыз драматургиясындагы жаңы адамдын образы» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.

Эмгек жолун 1958-жылдан радионун редактору, Фрунзе телекөрсөтүү студиясында жооптуу редактор болуп иштөөдөн баштаган. 1968-1971-жылдары Кыргыз Совет энциклопедиясынын маданият жана искусство редакциясынын башчысы, Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык кошмо коллегиясынын башкы редактору болуп иштеген. 1977-1979-жылдары Актерлор үйүнүн директору, 1980-1985-жылдары Жазуучулар союзунда адабий консультант, 1993-2006-жылдары Кыргызстан драматургдарынын ассоциациясынын президенти, 2006-жылдан бери Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин ассамблеясынын президенти болгон.

Эң биринчи китеби «Ак пейил» 1963-жылы жарык көргөн. Анын «Ак пахта”(1965), «Жүргүлө, достор!”(1966), «Ынтымак”(1967), «Замандаштардын образы жана сахна”(1968), «Мезгил, адам, драма”(1970), «Жаңы келин”(1973), «Турмуш, сахна, мүнөз» (1975), «Драмалар жана комедиялар”(1990), «Чыгармалар”(1997), чыгармалар жыйнагынын 7 томдугу (2007) жана башка китептери жарык көргөн.

Ал адамдын жашоо-турмушунун, коомдун көптөгөн проблемаларынын оош-кыйыштарын көз жаздымында калтырбастан, өтө таамай чагылдырылган калемгер болгон. Ал эми анын «Жаңы келин», «Жоронун жоруктары» пьесалары кыргыз драматургиясынын классикасына айланган.

Мырзабек Тойбаев Хамза Хакимзаде Ниязинин, С. Михалковдун, А. Чеховдун, К. Мухаметжановдун, Д. Исабековдун, А. Абдугафуровдун Петер Шүттүн чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Орошон талантына баа берип, элге сиңирген зор эмгеги үчүн Мырзабек Тойбаевге Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз эл жазуучусу деген наамдар берилген. Ал «Манас — 1000» медалы жана бир катар сыйлыктар менен сыйланган.

Залкар драматург Мырзабек Тойбаевдин өмүрү жана чыгармачылыктагы басып өткөн барандуу жолу бардык кийинки муундарга үлгү болуп кала берет. Анын жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Жээнбеков С. Ш., Джумабеков Д. А., Абылгазиев М.Д., Калиева Г.У., Касымалиева А.К., Бакиров М.И., Боронов К.А., Разаков Ж.П., Омурбекова А.С., Аскаров З.М., Эсеналиев Д. А., Молдобекова Г.С., Садык Шер Нияз, Ибраев С. К., Кылжыев С. А., Жаманкулов А.К., Абдраимов Т.Д., Жакиев Б.Ж., Байджиев М.Т., Жетимишов С. Ж., Сейдакматова Ж.С., Раев С. А., Рыскулов А.Р., Абакиров М.А., Султанов О.С., Өмүрканов А.Ө., Кулмамбетов Ж.О., Калыбеков Н., Султанбаев А.Д., Момунова Г.М., Мамазаирова М., Сооронбаев З., Тогусаков О.А., Акматалиев А.А., Өзүбеков А.А.

Маалымат үчүн: Маркум менен коштошуу 2019-жылдын 10-июнунда саат 10.00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: