Menu

КРнын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бош кызмат орундарын ээлөө үчүн сынак жарыялайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо
башкы башкармалыгы бош кызмат орундарын ээлөө үчүн сынак жарыялайт. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 720002, Бишкек шаары,  Ч. Валиханов көчөсү 1а дарегинде жайгашкан.

Сынакка катышуу үчүн  документтер Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Кадрлар бөлүмү тарабынан Бишкек шаары,  Ч. Валиханов көчөсү 1а дареги боюнча кабыл алынат, кошумча маалыматтарды сурап билүү үчүн төмөнкү номурлар менен байланышсаңар болот:  (0312) 63 – 02 – 53, тел./факс 63 – 12 – 75.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын бош кызмат орундарынын тизмеси:
1. Жол-кайгуул кызматынын жана административдик практика башкармалыгынын
башчысы-1

2. Финансы-чарбачылык башкармалыгынын башчысы – 1
3. Мониторинг борборунун башчысы – 1
4. Жол-кайгуул кызматынын жана административдик практика башкармалыгынын
башчысынын орун басары– 1
5. Кадрлар бөлүмүнүн башчысы – 1
6. Чүй ОИИББи боюнча ЖКККБнын башчысы – 1
7. Жалал-Абад ОИИБи боюнча ЖКККБнын башчысы-1

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын жана анын бөлүктөрүндөгү бош кызмат орундарын ээлөө үчүн квалификациялык талаптар:

Аппараттын орто жана жогорку жетектөөчү курамдын кызмат орундарына:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобосунда аныкталан ички иштер органдарына кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берүүсү керек;

– юриспруденция, укук таануу боюнча жогорку билим же кызмат орунга карата кесиби боюнча тиешелүү жогорку билим;

– “В, С” уруксат берүүчү категориялары бар айдоочулук күбөлүк.

Саптык бөлүктөрдүн командирлери жана аймактык бөлүктөрдүн башчысы 
кызмат орундарына:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобосунда аныкталан ички иштер органдарына кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берүүсү керек;

– юриспруденция, укук таануу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, автоунаа транспорту боюнча жогорку билим;

– Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын бөлүктөрүндө үч жылдан кем эмес кызмат өтөөсү керек;

– “А, А1, В, В1, С, С1” уруксат берүүчү категориялары бар айдоочулук күбөлүк.

Саптык жана аймактык бөлүктөрдүн кенже, орто жана жогорку курамдын кызмат орундарына:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобосунда аныкталан ички иштер органдарына кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берүүсү керек;

– юриспруденция, укук таануу боюнча жогорку билим же кызмат орунга карата кесиби боюнча тиешелүү жогорку билим;

– “А, А1, В, В1, С, С1” уруксат берүүчү категориялары бар айдоочулук күбөлүк.

Ички иштер органдарына биринчи жолу кызматка кирип жаткан  жарандар жана ички иштер органдарында, укук коргоо органдарында мурда кызмат өтөгөндөр Кыргыз Республикасынын ЖКККББнын кадрлар бөлүмүнө төмөнкүлөрдү документтерди тапшырышат:

– арыз;
– паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
– аскердик билет;
– эмгек китепчеси (биринчи жолу кызматка кирип жаткандардан тышкары);
– квалификациялык же атайын наамы, тийиштүү атайын билими жөнүндө
тастыктоочу документтер;
– балдардын туулгандыгы тууралуу (эгерде балдары болсо) жана никелешүү
жөнүндөгү (никеде турган болсо) күбөлүктөр;
– өмүр баян – 2 нускада (бири кол жазма түрүндө, экинчиси компьютерде
терилген);
– өмүр таржымалы жөнүндө реферат;
– анкета;
– иштеген, окуган же жашаган жеринен мүнөздөмө;
– пикирлер, сунуштамалар;
– жашаган жеринен жана үй-бүлөсү жөнүндө маалымкат;
– фотосүрөт 9×12 (1 даана), 3×4 (4 даана).

Сынакка  катышуу үчүн керектүү документтерди тапшырганга чейин талапкерлер бош кызмат ордуна жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскердик-врачтык комиссиянын күбөлөндүрүлүүсүнөн өтүүгө тийиш.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери бош кызмат ордунда андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскердик-врачтык комиссиянын күбөлөндүрүлүүсүнөн өтүүгө тийиш.

Дареги: 720002, Бишкек шаары Ч. Валиханов көчөсү 1а.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: