Menu

Фото – Кыргызстандагы туристтик компаниялар Сеул шаарында өткөн Эл аралык туризм жарманкесине катышты

Бөлүшүү:

2019 жылдын 6-9 июнда, Сеул шаарында 70тен ашуун өлкө катышкан эл аралык Туризм жарманкеси болуп өттү. (“Seoul International Tourism Industry Fair” (SITIF- 2019).

Кыргызстандан биринчи жолу туристтик компаниялар: “Ак-Сай Трэвел”, “Tревел Лэнд” жана туризм ассоциациясы «Hospitality Kyrgyzstan», Кыргыз Республикасынын
Кореядагы Элчилиги жана КР Маданият маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм башкармалыгынын жигердүү колдоосу аркылуу катышты.

Жарманкенин катышуучулары кыргыз компаниялар тарабынан сунушталган атайын сунуштар менен тааныша алышты. Атайын презентация көргөзүлүп, Корея жана чет өлкөлүк тур операторлор менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жарманке алкагында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтылып ошондой
эле биздин өлкөгө туристтик кызыгуу жогору экени байкалды.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилиги тарабынан боз үй тургузулуп анда кыргыз элинин көркөм кол өнөрчүлүк буюмдары, улуттук кийимдер жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө видео роликтер көрсөтүлүп, келген конокторго кыргыз даамдары тартууланды.

Маалымат үчүн: SITIF көргөзмөсү, Корей мамлекетиндеги 34-жылдык тарыхы бар, ири, эл аралык жарманке болуп саналат. Бул жолу, көргөзмө Сеул шаарынын мэриясы менен Корея эл аралык-туристтик жарманкеси “KOTFA”нын колдоосу менен уюштурулду. SITIFнин негизги багыты болуп дүйнө жүзүнүн ар тарабындагы туристтик агенттиктер менен туристтик компаниялар катышкан туризм жана маданият аймагындагы түрдүү көргөзмөлөрдү уюштуруу болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: