Menu

Зарылбек Рысалиев реанимациядан чыга элек

Бөлүшүү:

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада жаткан, Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев реанимациядан чыга элек. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо боюнча орун басары Александра Олексюк билдирди. Анын айтымында, Рысалиев сүйлөй алат. Бирок кан басымы туруктуу эмес.

– Ал эсине келген. Жай сүйлөп жатат. Кан басымы анча туруктуу эмес. Көтөрүлүп жатат. Азырынча реанимацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Бирок эртеңкиге консилиум пландалууда, – деди ал.

Рысалиев 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезгени айтылып, ооруканага жеткирилген.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: