Menu

Элдар Аттокуров: ” Батукаевди бошотууга тиешеси бар укук-коргоочулар, чиновниктер экс-ажолугуна карабай өз деңгээлине жараша жазасын алыш керек!”

Бөлүшүү:

Өлкөнүн Баш мыйзамын 100 жолу өзгөрткөнүбуз менен менде эле болсун, калганын билбейм деген дүйнөкорлук психологиябызды өзгөртө албай келебиз! Балээнин барын Ак-Үй менен Көк-Үй эмес, Акаев баштаган экс-ажолордун үй-бүлөлүк, достук кландары баштады. Бири дагы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Сталиндей болуп баласын же Ислам Каримовдой болуп кызын садака чаба алган жок. Тескерисинче Ак-Үй менен Көк-Үйдү толук басып алышкан. Бийлик деген – элге кызмат кылуу эмес, бийлик деген – акча табуучу орун деген жаңы термин киргизишти. Министрлик орундар 100 миң доллардан баштап сатыла баштады. Ар бир бийликтин кошелёктору тайраңдап айыл өкмөтүнө чейин кийлигишип, аймактагы алтын кендер оңго да, солго да таратылды.

Өзгөчө Атамбаевдин учурунда мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген шарттар менен 3000 жакын тоо-кен лицензиялары чет элдиктерге мөөнөтсүз болуп берилген.

1990-жылдары Кыргыз ССРинин мамлекеттик чоң заводдорду менчиктештирип калганына ыраазы болбой 2010-2017-жылдар ичинде Кыргызстандын Кумтөрдөгү акциясы менен тоо-кендерин кошо жайлап кетти. Эки метрлик караңгы көргө барарын унутуп, көзүнө көрүнгөндүн баарын алды. Кудайды тааныган падышалар акыретте ашыкча байлыгы үчүн жооп берерин билишип жупуну жашашкан. Мультимиллионер экенин мактанбаса деле, каражаттар кайдан келгенин эл билет. Элге эмес акыретке барганда – Аллага мактансын. Бардык жыйган мүлкү тууралуу документтер Алланын архивинде сакталуу.

Камалып жаткандар чындыкты айтышса, акталып чыгышы өздөрүнүн колунда. Ал эми ушул учурда абактагы мекендештерибиздин канчасы жалган жалаа менен ак жеринен жатышат. Эмне үчүн 5 чиновник камалса чуу көтөрөбүз? Өлкөбүздө ак жеринен соттолуп кеткен миңдеген уул-кыздарыбыздын тагдыры жөнүндө ким айтты? Алар эмне инопланетяндарбы? Алар дагы бизге окшогон адамдар!

Мисалы: Балыкчы шаарында бир жигит ооруп жаткан баласына өтө зарыл болуп жаткан даарысын аптекадан карызга сураса бербей койгон. Ал баласы сактап калуунун акыркы аракети катары аптекага кирип даарыны жула качкан. Аптека ээлери жигитке кечирим кылып тосмо арыз жазышып, ооруп жаткан баласына жардам кылып даары беришкен. Бирок фемида өкүлдөрү жигитке кылмыш беренесин коюп туруп соттоп жиберишкен. Эми оорукчан балага ким дары алып келип берет?

Бийлик мындан кийин түрмөдө рак болгондордун барына мунапыс жарыялап үйлөрүнө чыгарбаса, улутубуздун жүзү жер карап калат. Бийликтин өкүлдөрүн мыкаачылык менен жиликтеп өлтүргөн Батукаевди бошотууга тиешеси бар укук-коргоочулар, чиновниктер экс-президенттигине карабай өз деңгээлине жараша жазасын алыш керек!

Баласына өтө зарыл болгон дары үчүн соттолуп кеткен карапайым жигитти жана түрмөлөрдө бей күнөө жаткан уул-кыздарыбыздын күнөөлөрүн кайра териштирүү менен алардын ордуна кезек күтүп турган мамлекеттик чоң кылмышкерлерди отургузуу учурдун талабы.

Президент мамлекеттүүлүк үчүн жүргүзгөн адилеттүү саясаты менен гана бийлигин бекемдей алат!

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: