Menu

Видео – 3-кичи райондо болгон мушташты милиция иликтеп баштады

Бөлүшүү:

Борбор калаанын 3-кичи районунда түндө эркек балдар топтошуп алып мушташкан окуя боюнча милиция иликтөө иштерин баштады.

Бул маалыматты Бишкек шаардык ИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Улан Жумаков билдирди.

Эске салсак, мушташтын видеосу «Короче» Телергам-каналына жүктөлгөн. «Мушташ чындыгында шаардын 3-кичи районунда, унаа токтотуучу жайдын жанында болгон. Милицияга эч ким арыз менен кайрылган эмес. Интернетке тараган видеонун негизинде сотко чейинки иштерди баштадык. Аталган факты 266-берененин («Бейбаштык») негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды», — деди Жумаков. Ал учурда окуянын чоо-жайы такталып жатканын жана кийинчерээк толук маалымат берилерин кошумчалады.

https://youtu.be/Z5NQkszgziI

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: