Menu

Анжиян: президенттин сапары алдында «үй берилген» тургундар бийликтин басымына кабылууда

Бөлүшүү:

Президент Шавкат Мирзиёевдин Анжиян облусуна жасаган сапарынын алдында «үй берилди» делген тургундар жергиликтүү бийликтин басымына кабылууда.

Алардын бири 35 жаштагы тигүүчү Хуршида Тилляева Анжиян бийлиги тарабынан үй камагына алынгандыгын анын коңшулары ырасташты.

Анжияндагы өз булактардын кабарлашынча, президенттин сапары алдында турак-жай берилип, бирок кийин ал үйлөрдөн кайра чыгарылган башка тургундар дагы укук коргоо органдарынын басымына кабылууда.

Алардын экөөсү — тигүүчүлөр Муяссар Рахимова менен Шохиста Бакирова 10-июнда облустук прокуратурага чакырылып, түшүнүк кат жазып беришкен.

– Мен жаңы гана прокуратурадан көрсөтмө берип келдим. Анжиян бийлиги силерге интерью берген Хуршида Тилляеваны үч күн үйүнөн чыкпоого милдеттендириптир. Мындай жол менен алар аны кылганына өкүнсүн деп атышат. Бул окуя жөнүндөгү макала жарыялангандан кийин бизди дагы үй камагында кармашты. Бирок мындай кыйынчылыктарга карабастан мен өз максаттарыман баш тарткан жокмун. Мен алардан «президенттик белекти» кайтарып беришин талап кылам. Мага көп кабаттуу үйдөн батир керек эмес», — деди Муяссар Рахимова.

Буга чейин Анжиян шаарынын бийлиги президент Шавкат Мирзиёевдин сапарынын алдында сегиз үй-бүлөнү жаңы курулган үйгө киргизип, мамлекет башчы кеткенден кийин алардын жетөөсүн кайра чыгарып салган. Алардын арасында Хуршида Тилляева да болгон.

Үч күндүк үй камагынан кийин Хуршида Тилляеванын апасын кайрадан президенттин сапары алдында берилген үйгө киргизилген. Бирок аты-жөнүн билдиргиси келбеген анжияндык блогердин айтымында, бул жергиликтүү бийликтин «спектаклинин уландысы». «Хуршиданын апасын жаңы коттеджге киргизгени менен үй алардын атына катталган эмес», — деди блогер.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: