—Коррупцияга каршы митингдерди, кыймылдарды, демилгелерди МЫНА, БИЗ – жаңы конуштарда 15-20 жылдап алачыктай үйүн эптеп бүтүрө албай, ак мээнет менен тапканы курсагынан ашпай, этегин тартса башына, башын тартса этегине жетпеген турмушта жашагандар, адабияттын, маданияттын өкүлдөрү, так ошо коррупционерлердин курмандыгы болуп иши жүрбөй, коомдон өз ордун таппай калган адистер; дыйкандар, жумушчулар, ишкерлер, аргасыз жер которгон мигранттар; таланты, билими бар туруп талаада калган илимпоздор, ак жүрөк жарандар, аз айлыкка топук кылып иштеп жүргөн мугалимдер, дарыгерлер, күч түзүмдөрүнүн катардагы кызматкерлери ж.б.у.с. уюштурсак, бул темада сүйлөсөк, талап койсок ЖАРАШАТ. Биздин моралдык укугубуз бар! Мурда чоң кызматта жүргөндөр, олигарх саясатчылар, (алардын туугандары, жардамын көргөндөр) азыр бийликте отурса да колунан эч нерсе келбей жаткандар, силер бул темада унчукпай эле койгулачы?! Коррупция менен реалдуу күрөшүү силердин колуңардан келбейт. Күйгүзбөгүлөчү кишини. Өзүңөр менен өзүңөр күрөшмөк белеңер? Бизди алдабагыла…
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ