Menu

WSJ: Ким Чен Ындын өлтүрүлгөн агасы ЦРУга маалымат берип келген болушу мүмкүн

Бөлүшүү:

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Малайзияда өлтүрүлгөн аталаш агасы Ким Чен Нам АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгына (ЦРУ) маалыматтарды берип келген болушу мүмкүн. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити өз булактарына таянып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Ким Чен Ындын аталаш бир тууганы ЦРУнун тыңчылары менен бир нече жолу жолуккан.

АКШ өкмөтүндөгү булактар көптөгөн жылдар бою өлкө сыртында жашаган Ким Чен Ын Түндүк Кореяда баалуу маалыматтарга жете тургандай таасирге ээ эмес болгонун билдирүүдө. Ошол эле маалда анын Кытайдын атайын кызматтары менен байланышы болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Азырынча бул маалыматты башка бир дагы ЖМКдан ырастоого мүмкүн болгон жок.

​Ким Чен Нам 2017-жылы февралда Куала-Лумпур аэропортунда өлтүрүлгөн. Анын бетине нервди шал кылуучу уу себилген жүз аарчы ыргытып кетишкен. Бул кылмышка айыпталган эки аял соттолгон. Адвокат алар алдынып калганын, реалити шоуго катышып жатабыз деп ойлошконун билдирген. Кийин соттолуучулар эркиндикке чыгарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: