Menu

Атамбаевдин жеке таарыныч менен өткөргөн митингине кыскача сүртүм…

Бөлүшүү:

Өткөн ишемби, 8-июнь күнү экс-президент башында турган «Форум» тараптагылар «Унчукпай турба! Үн кат!» аттуу тынчтык митинг өткөрүштү. Митингдин аталышына күлкүң келет. Туура, демократия бар өлкөдө ар бир жаран өз пикирин билдирүүгө милдеттүү. Ага эч ким тыюу сала албайт. Бирок, Кыргызстанды 6 жыл башкарып өткөрүп берген адамдын митинг уюштуруп жатканы көзгө өөн учурайт экен. Митинг боюнча 3-4 критерийге токтоло өтсөк…

Биринчиден, ШОСтун алдына саясатты мыкты түшүнгөн адамдын, болгондо да бир учурда президент болуп ШОС деген эмне экенин ийне-жибине чейин билген адамдын кылдан кыйкым издеп митинг уюштурганы мамлекетке карата атайын жасаган карасанатайлыгы деп түшүнсөк болот.

Экинчиден, экс-президент мурда сүйлөгөндө бир аз далилдер менен сын айтчу эле, азыр бир да далилсиз бир беткей каралоого өтүп алганы айласынын куруп турганын көргөзүп туру…

Үчүнчүдөн, мурда Кыргызстандын түндүк-түштүк маселеси менен саясатта оюн кылып келсе азыр дин аралык бөлүп жаруу аракетин баштагандай. Буга чара көрбөсө болбойт.

Төртүнчүдөн, Кыргызстанды өзүнүн менчигиндей көрүп алганын ачык байкадык. Кудум президенттик кызматты чоң аталарынан мураска алып келип анан күтүүсүз жулдуруп ийген кишинин образында сүйлөп, «мен ушул кишини президент кылганыма өкүнөм», «мени сатып кетти», «мынчалык акмак экенин билген эмесмин» дегендей сөздөрдү айтып жатканы одоно көрүндү. Эси барда этегин жаап, тынчыса жакшы болот эле…

Эми жыйынтык ирээтинде бир сөзгө токтололу. Кыргызстандагы көз карандысыз «Азаттык» сайтына мурда экс-президенттин айткан сөздөрү чыкканда окурмандардын дээрлик теңи президентти колдосо, теңи экс-президентти колдочу эле. Азыр пикир калтыргандардын 90%ы экс-ажого каршы пикир айтып калганы эмнени каңкуулайт?! Окуп көрүп өзүңүз анализ кылыңыз, окурман…

Социалдык тармактагы комментарийлерди комментиһарийсиз сунуштайбыз…

Соц.тармактагы комментариилерди комментерииі;
• Кеңеш 10.06.2019 — 10:09 АШАны дөөрүтпөй качанка майсыңар? Ошол камалгандардын башында өзү турган ичип жеп…

• Мурат 10.06.2019- 09:26 Атамбаевдин бети такыр жок экен. Ойду тоону сүйлөп бийликтин иштешине жолтоо болуп жатат. Мындай аткаминердин бизге кереги жок азыр бизге тынчтык керек деп ойлойм.

• Кумар 10.06.2019- 09:24 Атамбаевдин митингде суйлөгөнүн көрүп боорум ооруду. Президент болуп 6 жыл мамлекетти башкарса да мурдагы митингчи, көчө саясатчысынын деңгээлинде калга экен. .

• Камчы 10.06.2019- 09:21 Атамбаев акча менен араңдан зорго 40-50 киши чогултту акча төлөп жатып. Атамбаевдин жомокторуна эч ким ишенбей калганын көрдүк…

• Орунбай 10.06.2019- 08:32 Алмаз молдонун айтканын ук кылганын кылба артына уурулардын жакындарын койуп алып болушунча актанды го, айткандарына 1 класстын баласы да ишенбейт

• Аты-жөнү жазылбаган 10.06.2019- 08:13 Эл ичине ача пикир жаратпай жок дегенде жаман жарасын көргөзбөй, тынч отурса болмок.

• Баха 10.06.2019- 08:10 Ойлонуп жазчы Атамбай жазаланышы керек ошого чырылдап качкысы келип жатат. Райымды да камайт бирок биринчи Атамбайды камаш керек.

• Аты-жөнү жазылбаган 09.06.2019 — 22:38 Ажого Рахмат баарына чыдап, балп этмелерге маани бербей өз ишин улантып жатат. Эгер анын ордунда экс болгондо башкача жолго түшмөк. Өлкөдө саясий абалды курчутуп митинг уюштуруп эки киши жалдап сүйлөтсө эле элдин баары ишенип калбайт да. Тескерисинче кечээ көчөге чыксам апалар суйлөшүп отурат байкуш алжып калыптыр деп.

• Аты-жөнү жазылбаган 09.06.2019- 21:50 1000 сом менен бир сындырым нан үчүн коррупционер Атамбаевди колдоп митингге чыккандар.

• Аты-жөнү жазылбаган 09.06.2019- 21:41 АША дөөдүрөп Икрамди жөн эле камап койду дейт мен Лейлектен болом АША президент болгондон кийин Икрамдин кантип 6 жылда байыганын Лейлекке барып сурап келгиле сегиз жашар бала менен сексендеги чал да айтып берет ошондо билесинер жон эле камалдыбы

• Аты-жөнү жазылбаган 09.06.2019- 19:52 Биз Бакиевди 1.50 тыйын үчүн кетирсек бул 2.16 тыйынга көтөрүп коюп анан кайсы арына бийликти жамандап жатат. Мунун балдары акчаны электр энергиясынан таап байып а карапайым эл тыйынга жашап жатпайбы

• Аты-жөнү жазылбаган 09.06.2019- 19:51 Келип кеткен президенттердин ичинен, эң бир кара мүртөз, эки жүздүү, маданиятсыз, куу, мансапкор экен бул АША. Кайран элим, ойгонула бул Ашанын чыныгы жүзү ким экени ар бир митингге чыккан сайын ачылып жатат. Кыргыз элин баран мал деп ойлойт окойт, 6 жыл бизди ушинтип эле тили менен жакшы сүйлөсө, ишенип унчукпадык, эми этият болгула КТРдын экс президентинин, Таенеси 90 жаштабы экен кыргыз элине керээз кылып, айткан эле жаздын башындабы,» бул Атамбаевиңер абдан жаман адам, этият болгула» деп (Фбдан алынган комментарий)

• Аты-жөнү жазылбаган 09.06.2019- 19:50 Кайран АША, абалын ото эле начар экен. Көчөдө бир да адам сени жакшы иштеди дегенин укпадым. Сага нааразычылык өтө эле көп экен. Кеч боло электе элден кечирим сурап кой, туура болот.

• Аты-жөнү жазылбаган 09.06.2019- 19:44 Батукаев жасалма акча берип сызга отургузуп кеткенин элдин баары билет.

• Аты-жөнү жазылбаган 09.06.2019- 19:42 Жакшы эле Шарипович президент болуптур, булардын жанында жүрүп былыктарын көрүп , эми күрөш жүргүзүп элге кызмат кылып жатат.

• Аты-жөнү жазылбаган 09.06.2019 – 19:40 Атамбаев алга урматттуу президент!!!! Сизди колдойбуз жана ар кадамыңызга да колдоо көрсөтөбүз! Ш.Жээнбеков үй-бүлөө, жек жаатттары менен тазалоону өзүнөн башташ керек.

• Аты-жөнү жазылбаган 09.06.2019- 19:19 Коркок биринчи кол көтөрөт болгон экен.

• Аты-жөнү жазылбаган 09.06.2019- 18:26 Раим, Кубаныч, Албектин бүгүнкү абалы түздөн-түз АШАнын бийлигинин жүзү.

• Аты-жөнү жазылбаган 08.06.2019- 13:15 Өздөрүнө өздөрү каршы митинг өткөргөнү кызык экен.

• Дима 08.06.2019- 13:15 Кой козулар карышкырларды жеп жатат деп чыктынарбы митингге СДПКчылар

• Аты-жөнү жазылбаган 08.06.2019- 13:02 Бети жок коррупция сенин убагында гүлдөп кетти го

• Аты-жөнү жазылбаган 08.06.2019- 12:09 Адамдын күлкүсүн келтирбей, өздөрүнө каршы чыгат го булар

• Аты-жөнү жазылбаган 08.06.2019- 12:09

Митингде трайбалисттик көз караштар айтылып кетти, Ошко кетип жатат деп. Мындай эмес урматтуу апа, андай көз караштан алыс болуңуз, Ошко эмес тартылган инвестиция баарына тен бөлүнүп жатат.

• Аты-жөнү жазылбаган 08.06.2019- 12:03 Коруппцияга каршы күрөштү башкалар уюштурса да силер жөн эле отургулачы опгшниктер

• Алымбек 08.06.2019- 11:57 ЖЭБ аферасын ишке ашыргандар камалып отурат буйрук берген Атамбаев бүгүн ошолорду коргоп митинг уюштуруп жатат.

• Баатыр 08.06.2019- 11:56 Менимче, бүгүн саясий туткундардын эркиндикке чыгышы президенттин да, парламенттин да иши эмес, бул юристтердин иши болушу керек. Бул маселени саясий негизде чечүү, тарых, келечек үчүн туура эмес болуп калышы мүмкүн. Юристтер туура жана мыйзамдуу жолун табышы керек.

• Нурадил 08.06.2019- 11:51 Сокенин бийлиги өзү коррупция малынып калган экен го анан кантип коррупцияга каршы күрөшүү жүргүзөт. Бажагейтти жаап коюшту го

• Руфат 08.06.2019- 11:50 Уурунун орду түрмөдө элдин ырыскысын тоногон президент коррупция менен күрөшүү тууралуу сүйлөбөсүн. Коррупцияга каршымын деп башкасы айтсада Атамбаев айтпай эле койсун.

• Нуну 08.06.2019- 11:68 Коррупцияны убагында кылган өздөрү. Эми тойдо осурган кыз, осурбаган кыздын бетин тырмаптыр болуп жатышат го.

• Аты-жөнү жазылбаган 08.06.2019 – 11:66 Ушул жерде сөз сүйлөгөндүн баары таза эмес, баарын алып барып камоо керек.

• Долон 08.06.2019- 11:66 Атамбаев кыянаттык кылып жатат ШОСтун саммитинин алдында атайлап жасап жатат. Бул анын мамлекетке элге кылган кыянаттык мамилеси.

•Нурлан 08.06.2019- 11:65 АШАнын тарапташтарынын арасы өтө эле суйулуптур. Иши бүткөн окшойт, качып кетип эле кутулбаса, камалчудай. Эмне дейбиз, колун менен кылганыңды мойнуң менен тартышың керек Алмазбек Шаршенович.

• Кайрат 08.06.2019- 11:66 Атамбаевдин мезгилинде көпчүлүк кендердин лицензиялары кытай компанияларына өтүп кеткен. Лицензиялардын дагы бир бөлүгүн Атамбаевдин тегерегиндегилер өз ара бөлүп алышкан. Мисалы, жакында Зилалиевдин эле бир нече кендерге лицензиясы бар экени белгилүү болду. Бул Атамбаев мөөнөтү бүткөндөн кийин эмнеге кайрадан чоң саясатка кайтып келгиси келип, убара тартып жаткандыгынын бирден-бир себебин ачыктап турат. Анткени, экс-президент КСДПнын парламентке баруучу акчасын эбак эле дайындап койгон.

• Гуля 08.06.2019- 11:66 Атамбаевди камамайын ушундай шоуларды уюштура берет.

• Аты-жөнү жазылбаган 08.06.2019- 11:63 Бул митинг эмес эле Атамбаевдин жан-жөкөрлөрүн коргоо.

• Намыс 08.06.2019- 11:61 Атамбаевде такыр бет жок экен элден кечирим сурап менин айланамдагылардын баары уурулук кылышыптыр кечиргиле дегендин оордуна аларды коргоп жатат.

• Тилек 08.06.2019- 11:61 Буларды митинг деле кызыктырган жок. Абакта жаткан саясатчылар кызыктырып, ошолордун керт башын гана ойлоп жатышат. Чынында коррупция менен күрөш катуу жүрүп жатат. Жемкорлор кусуп жатышат.

• Аты-жөнү жазылбаган 08.06.2019- 11:61 Митингге чыккандар колдоруна кычкач кармап бирден жыгач ат минип албаптыр.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: