Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу, анын ичинде эки өлкөнүн кызыкчылыгы тең эске алынган эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы кызматташуу маселелерин да талкуулашты.

Эки өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Кыргызстан жана Россия Эриш-аркак жылынын бириктирилген программасынын алкагындагы иш-чараларды улантуунун маанилүүлүгү айтылды.

Мындан сырткары, тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жана шериктештиктин негизинде өнүгүп жаткандыгын баса белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардамы, ошондой эле Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууда медициналык адистер тобунун өз убагында жиберилиши үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин 2020-жылдын 31-августунда Россия Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата куттуктоосун жолдогон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: