Menu

Абдрахманов Атамбаев менен соттошууга даяр

Бөлүшүү:

Эл ичинде “КСДП партиясын бийликтин кубаттоосу менен тартып алды” деген мурдагы Чүй облусунун губернатору Сагынбек Абдрахманов КСДП Алмазбек Атамбаев менен соттошууга даяр экенин дале болсо айтып келет. Артында түрткүнчөгү бар болсо, албетте түк түйшөлбөсү белгилүү. КСДПнын буга чейин кимдин арты менен апартия болуп, бийликтин жогорку чегин багынтканын коомчулук жакшы билет эмеспи. Ага карабай ар кандай мыйзамдарды айтып, КСДПны талашкан Абдрахманов Атамбаев 3-апрелден тарта партиянын төрагасы эмес экенин айтып келет.

«Телеканалдарды пайдалануу аркылуу ал эл арасында туура эмес пикирди жаратууда. Ал партиянын съездин эмес, жыйынын өткөрдү. Ал өз ордуна Асел Кодуранованы калтырганы жалган. Эң оор учурда ал партиялаштарын сатып жатат», -деди Сагынбек Абдрахманов. Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаев убактылуу КСДП мүчөлүгүнөн чыгып, төрагалык кызматын өткөрүп берди. Мындай чечим «Президенттердин ишмердүүлүгүнө кепилдик тууралуу» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргенине байланыштуу кабыл алынган. Анда мурунку мамлекет башчы активдүү түрдө саясат менен алектенсе жана партиянын мүчөсү болсо, анда баардык артыкчылыктардан жана кол тийбестиктен ажыратылат деп айтылат.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: