Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул жылдын I кварталдын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрүп, анда райондук агрардык өнүктурүү бөлүмдөрүнүн бардык 40 жетекчисине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук жетекчилер материалдык-техникалык жакшыртуу, кызматташтык жана кайра иштетүүчү ишканаларды натыйжалуу иштетүү боюнча жетиштүү иш алып барган эмес.
Баардык сөгүштөр райондук жетекчилеринин өздүк ишмердүүлүк баракчаларына жазылмакчы.
Ушул эле маселелер боюнча Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынын үч бөлүм башчысына: Анара Беккулиевага, Нурмамат Муллакелдиевге жана А.Ботоевтерге эскертүү берилди.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ