Menu

Москвада полиция кызматкери өзбек жаранын атып салды

Бөлүшүү:

Москвада полиция кызматкери кылмышка шек саналып кармалган өзбекстандык жаранды сурак учурунда атып алды.

РБК агенттиги Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып, билдиргендей, маркум тартип сакчысынын табелдик куралын алып, терезеден качып кетүүгө аракет жасаган.

Окуя 7-июнга караган түнү болгон. Шектүү мас абалында жол эрежесин бузганы үчүн кармалганы айтылууда.

Анын тек-жайы такталып, Өзбекстанда издөө салынган адам экени расмий кабарланды. Киn.uz сайты Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги кабарды тастыктаганын, тактоо иштери улантылып жатканын жазды.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: