Menu

Текебаев: Азыркы тергөөчүлөр мыйзамды түшүнбөйт

Бөлүшүү:

«Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери, учурда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев Аида Салянованын камакка алынышы боюнча өз оюн билдирди. Анда Текебаев “Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, башкы прокурорду кылмыш жообуна тартууга парламент гана уруксат берет. Ал эми судьяларды кылмыш жообуна тартыш үчүн Соттор кеңешинин макулдугун алуу зарыл. Баарыбызга белгилүү, Аида Салянова башкы прокурор болуп турган кездеги иши үчүн айыпталып жатат. Демек, Конституциялык палатанын, Жогорку соттун чечимдерине ылайык, аны кылмыш жообуна тартыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу сөзсүз алынышы керек. Ансыз Аида Саляновага жасалган аракеттердин баары мыйзамсыз. Ал аракеттерди жүргүзгөн адамдар мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш» – деп эсептейт. Муну менен бирге Текебаев айрым кесипкөй кадрлардын жетишсиздигин айтып азыркы тергөөчүлөр Конституциянын эрежелерин түшүнбөй турганын кошумчалаган. Аида Саляновага карата мыйзамсыз, Конституцияга каршы келген иш-аракеттерди Жогорку Кеңеш териштирип чыгат деп ишенерин билдирген.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: