Menu

Бишкектин борборунда коомдук автоунаалар азаят

Бөлүшүү:

Бишкек мэриясы шаардын борборун тыгындардан азайтуу үчүн 90 маршруттук каттамды оптималдаштырууну пландаштырууда. Калаанын борборун, Ош базары жана башка соода түйүндөрүнүн тегерегин иретке келтирүү схемасынын долбоору иштелип чыкты.

Бул тууралуу муниципалитеттин 10-июнда өткөн коллегиясында белгилүү болду.

Мэриянын басма сөз кызматы Чүй саябаны, Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрү, Жаш гвардия бульварында каттамдар өзгөрөрүн кабарлады.

Коллегияда бир ай ичинде транспорттук тармак маселелери боюнча укуктук-нормативдик базага өзгөртүүлөрдү киргизүү, автобус жана кичи-автобус каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө сынактын жоболорун даярдоо жана жол эрежелери, техникалык кароо, салык төлөө боюнча жүргүнчү ташыган фирма жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Бишкекте күн сайын линияга 2500 маршруттук такси, 250 автобус менен троллейбус чыгат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: