Menu

Гүлайым Мурзаева, Америкадагы кыргыз мигранты: “Валентина жөнөкөйлүгү менен суктандырды”

Бөлүшүү:

Американын Чикаго шаарындагы кыргыздар үчүн учурда абдан чоң майрам. Себеби сыймыктуу жердешибиз Валентина Шевченко өзүнүн чемпиондук наамын татыктуу коргоп калды. Ал жактагы кыргыздар чогулуп, мекендешин колдоп беришти. Андан соң жеңишке жетишкен мекендеши менен биргеликте майрам уюштурушту. Ушундай жакшы саамалыкта башынан аягына чейин жүргөн Гүлайым Мурзаева биз менен байланышып, кубанычын тең бөлүштү.

— Гүлайым айым, Валентина Шевченконун беттешине кыргыздар аябай көп барыптырсыздар, эмоциялар укмуш болгондур….

— Америкада план алдын ала түзүлгөндүктөн, бул мелдешти биз 3 ай мурда планга киргизгенбиз. Жакындаганда башка штаттарда иштеген кыргыздар келип башташты. Кандай шарт болбосун, бир муштумдай түйүлүп, чын жүрөктөн колдоп келген мекендештерге абдан ыраазы болдум. Жалпысынан 300 дөн ашуун кыргыз Валентина Шевченкону колдоп келди. Негизи бул күнү залдын ичи кыргыз желегине толуп турду. Жигиттер ак калпагын кийип келишип, көргөндө көздүн жоосун алып, чет элдиктер да кызыгып жатышты.

— Президентибиз байланышканда спортчу кыздын кубанычы чексиз болду. Көрүп турдуңуздарбы?

— Президент чалган учурда Валентина Шевченко UNITAD CENTERдин ичинде журналисттерге интервью берип жаткан экен. Кийин жалпы кыргыз элинин колдоосуна ыраазы болгонун белгиледи. Сооронбай Шариповичтин чалуусу ал үчүн күтүүсүз болгонун, абдан кубанганын жашырбады.

— Шевченко сиздер менен бир столдо олтуруп тамактанган сүрөттөр тарап жатат. Чогуу болдуңуздарбы?

— Валентина Шевченкону мен чыныгы жылдыз деп атайт элем. Анын адамгерчилиги бийик, өзү жөнөкөй экенине бул ирээт Чикагодогу кыргыздар дагы бир жолу ынандык. Ал уруш бүткөн соң эртеңкиге кайра учакка билети бар экен. Ошондуктан кыргыздар бүгүн эле кыргыз байкелердин кафесине чайга чакырышкан. Машыктыруучусу, бир тууганы менен чогуу келип, маектешип, сүрөткө түшүп, кыргыздардын колдоосуна абдан ыраазы болуп, таазим кылып олтурду. Ошол эле учурда кыргыздар да анын сунушту четке какпай, түн ортосу экенине карабай келип бергенине, жөнөкөйлүгүнө, патриоттуулугуна абдан ыраазы болушту.

— Америкада спорттун бир нече түрүнөн чемпиондор аябай көп. Алар менен да байланышыңыздар барбы?

— Ооба, бул жакта ар кандай спорттун түрлөрүнүн чеберлери көп экен. Иштеп, ар кандай турнирлерге катышып турушат. Чикагодо кыргыздар көп, ынтымактуу. Ошондуктан кыргыздар бат-баттан эле чогулуп турушат. Кыргызстанда белгиленүүчү ар бир майрам бул жакта белгиленет. Атайын кыргыздар жашаган район дагы бар. Ал жакта кыргыздар бири-бирине жакыныраак жашагандыктан, алака жакшыраак. Кыргызстандагыдай эле бири-бирин көрүп турушат. Бүгүн эле рамазан айынан кийинки биринчи эс алууга чыгып, жалпы Чикагодогу кыргыздар чогулушту. Көп жигиттер ал жакты жыйнап бүтүп, анан Шевченконун беттешине келишти.

— Кыргыздар биз көрбөгөн менен бөтөн өлкөдө жашагандыктан түйшүк тарткандары да болсо керек…

— Чикагого келген ар бир кыргыз нөлдөн баштап бутуна турушат. Көпчүлүгү сүйлөшүп олтурганда жаштыгымды Америкага арнадым деп айтып калышат. Ойноп-күлө турган учурлары түйшүк менен өтүп кеткен үчүн кээде ичтери ачышат. Бирок, азыр ошол билим, тажрыйба аларды чоң ийгиликтерге жеткирет деп ойлойм. Мен абдан билимдүү кыргыз жигиттерге жолугам. Баары Кыргызстан жөнүндө ойлонушат, талкуулашат.

— Кыргызстаңды сагындыңызбы?

— Келгени көп убакытка эч ким ди сагынбадым. Интернет өнүккөн заманда, баарынын кыймылдаганын көрүп, билип турасың. Ким менен сүйлөшкүң келсе сүйлөшөсүң. Адегенде апамды, анын күзүндө жапкан салатын сагынып журдүм. Кечээ жакында жүрөгүмдө бир сагыныч пайда болду. Өзүм да күтпөгөм мындайды. «Шоро саткан» эжелер, апалар, сиңдилерди сагыныптырмын. Сиңдиме чалып, шоро саткан эжелерди сүрөткө тартып жиберип койчу десем мени сагына элек жатып, тааныбаган эжелерди да сагынасыңбы деп күлөт. Шоро ичпей, шорону сагынбай, бирок шоро саткан эжелерди сагынганымды түшүнбөй аң, таңмын. Көрсө бүгүнкү жумушсуздуктун, адал эмгектин жүзү окшобойбу ал эжелер. Керек болсо тыйынын да санап, стаканына чейин эсептеп өткөрүшөт. Жадагалса жакын таанышы келип калса да бир стакан ошого куюп бере албайт. Баарынын кийими окшош, тагдырлары ар башка. Бирок, ар биринин максат, тилектери бар. Мен ошол эжелерди сагындым.

Сезим Мураталиева

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: