Menu

Фото – Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга расмий сапары менен Кыргызстанга келди

Бөлүшүү:

Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда, расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Монголиянын Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Расмий сапарынын алкагында Халтмаагийн Баттулга Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.

Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Монголиянын Президенти ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердинбашчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Монголиянын Президентинин Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Монголиянын Президентинин катышуусунда Кыргыз Республикасындагы Монголиянын Элчилигинин ачылышы өтөт.

Халтмаагийн Баттулга расмий сапарынын алкагында комплекс «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине бармакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: