Menu

Өзбекстан зер буюмдарды өлкөдөн чыгарууга киргизилген чектөөлөрдү алат

Бөлүшүү:

Өзбекстан 1-июлдан тарта наркы 5 миң доллардан ашкан зер буюмдарды тышка чыгаруу тартиптерин өзгөртөт.

Ага ылайык, кымбат баалуу зер буюмдарды өлкөдөн чыгаруу учурундагы чектөөлөр жана кедергилер жоюлат. Бул тууралуу «Узбекзаргарсаноати» ассоциациясынын төрагасы Нодир Мирахмедов билдирди:

– Баасы 5 миң доллардан ашкан зер буюмдарды чет өлкөгө чыгарууда чектөөлөр болуп келген. Атайын декларация толтурулат, ага эки күнгө чейин убакыт кетчү. Мындан тышкары бажы төлөмдөрү төлөнчү.

Анын айтымында, Самарканд жана Бухарага келген чет өлкөлүк туристтер колго жасалган кымбат баалуу зер буюмдарды жактырышып, бирок документ толтурууга эки күн кетерин уккан соң сатып алуудан баш тартканга аргасыз болушчу.

Жаңы тартип боюнча эми баасы 5 миң доллардан ашкан баалуу металлдарды өлкөдөн чыгарып кетүү учурунда жүргүнчү декаларациясы гана толтурулат, ага болгону эки мүнөт убакыт кетет.

1-июлдан тарта зер буюмдарды чыгарууга лицензиясы барлар өндүргөн товарларына өз алдынча белги коюуга да укук алышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: