Menu

Элдик генералдын Курсан Асановдун эрдиги эч качан унутулбайт

Бөлүшүү:

10-июнда Түштүктөгү каргашалуу июнь окуясына 9 жыл болду. Эске сала кетсек 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгү Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында  “Йюнь окуясы” деп аталган улуттар аралык чыр чыккан. Аталган
аймакта чукул кырдаал жарыялап, коменданттык саат киргизген. Ош тополоңу жүздөгөн адамдардын канына забын болуп, миңдеген кишилер үйүнөн, мүлкүнөн ажырады.

2010-жылкы Кыргызстандын түштүк аймагындагы коогалаңдуу окуяларда Курсан мырза коопсуздук жоокерчилигин жеке өзүнө алып, комендант болуп дайындалып, укук коргоо органдарынын алдыңкы катарында туруп, күн-түн дебей эки элди ынтымакка чакырууга, чагымчылардын кара ниет ойлоруна бөгөт коюуга бардык аракетин көрүп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калууга чын дили менен аракет жасаган. Мындан сырткары өлкөбүздөгү коңшу мамлекеттер менен болгон Баткен, Жалал-Абад аймактарындагы чек ара маселесинде, улуттар аралык ар кандай араздашууларда,
Нарын облусунда дунган айдоочулары менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы пикир келишпестиктен келеп чыккан чыр чатактарда, ар кандай митингдерде Курсан мырза өлкөнүн коопсуздугу үчүн чыныгы кесипкөйлүк сапатын көрсөтүп, куткаруучу болуп, маселени жеринде дипломатиялык жол менен чечип, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калууга жасаган эмгегинин арты менен элдик генерал атка ээ болгон. Ал чыр-чатак чыккан бардык жерде өзүнүн турмуштук дагы, кесиптик дагы бай тажрыйбасы, жогорку адамгерчилик жана дипломатиялык сапаты менен маселени жеринде чечип, элди ынтымакка алып келгени бул анын – эң жогорку эмгеги жана бийик сапаты деп ойлойбуз. Мисалга алсак, 2005-жылы март окуяларына чейин депутаттыкка талапкер Төлөнөв менен Жунусовдун тарапташтары кагылышканы эсибизде. Ал кагылышууга сырттан атчандар тартылып катуу жаңжал чыккан эле. Ошол кагылышууда да генерал Курсан Асанов катуу туруп, чечкиндүү кадамдарды жасап эки тарапты элдештирип, тынчтыкты орнотууга жетишкен. Андан кийин март революциясы болуп, бийлик алмашып өлкөдө туруксуздук орун алган. Көп өтпөй эле 13-майда Андижан окуясы башталып кетет. Ал жерден да 10 миңдеген өзбек чек араны бузуп өтөөрдө, ошол кездеги Кара-Суу шаарынын милиция башчысы катары Курсан мырза акыйкат чечим кабыл алып, тиешелүү чараларды көрүп өзбек кыргыз кызыл кыргынын токтотуута жетишкен.

КРнын ИИМнин орун басары тактыкты, тартипти талап кылган милициянын генерал-майору, юридика илиминин кандидаты Курсан Асанов эгемен мамлекетибиздеги укуктук жана коомдук тартибин сактоодо, Мамлекет башчынын жүргүзүп жаткан саясатын колдоого алып, мамлекеттик түзүлүштү чыңдоодо орчундуу салымын кошууда жана кошо бермекчи. Ар дайым Жогорку Кеңештин отурумуна ИИМдин өкүлү катары катышып, депутаттардын ар кандай суроолоруна маңыздуу, ачык-айкын жооп берип өзүнүн профессионал, дипломат, чечкиндүү кадр экендигин ар дайым айгинелеп келет.

Курсан Сатаровичтин жасаган эмгектери ар дайым карапайым элдин эсинде жана эч качан унутулбайт.

Тимур Термечиков

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: