Menu

Бишкектеги ШКУ Саммитин 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү журналисттер чагылдырат

Бөлүшүү:

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 2019-жылдын 13-14-июнунда Бишкек шаарында өтө турган жыйынын чагылдыруу үчүн 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитацияланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мисалы, Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын, Белоруссиянын, Ирандын, Монголиянын жана Япониянын  115 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 443 чет элдик журналисттер иш-чараларды чагылдыруу үчүн аккредитациядан өтүштү.

Ошондой эле Кыргызстандын 32 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 94 өкүлү аккредитациядан өтүштү.

13-июнда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук Филармониясында ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын катышуусу менен “Достук кербени” аттуу майрамдык Гала-концерт болот. Аны “ЭлТР” республикалык телеканал түз эфирде көрсөтөт.

14-июнда, «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Жыйындын жүрүшүн Коомдук телерадиокорпорациянын “Ала-Тоо 24” телеканалы түз эфирден көрсөтөт.

Түз эфирге аккредитациядан өткөн чет элдик жана жергиликтүү негизги телеканалдар кошулушат.

Эске салсак, ШКУга 8 мамлекет мүчө болуп эсептелет: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ, алар: Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия.

Бул күндөрү ШКУнун Саммитинен тышкары, эл аралык мүнөздөгү башка иш чаралар да өтөт – 12-июнда Бишкек шаарына Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргызстанга расмий визит менен келди.

13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визити башталат.

14-июнда Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий визити болот.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: