Menu

Бир зэк, көзүрлөрдүн баарын зэк кылмай болду

Бөлүшүү:

“Эки-үч күндө өлөт” деген кылмышкер Азис Батукаев Кыргызставдын каймактарынын баарын артынан ээрчитип кылмышкер кылмай болду. Дегенибиз анын мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна тиешеси бар аткаминерлер биринин артынан бири чубап темир тор артынан орун алууда. Алсак атамандар делген Шамил Атаханов, Аида Салянова, врач-онкологдор, Динара Сагинбаева, ошол кездеги ЖАМКнын төрагасынын кеңешчиси Качкыналиевдер камакта. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев суракка чакырылып, кийин ден соолугу начарлар тез жардым чакырылып азыр абалы оор бойдон. Эл өкүлү азыркыга чейин жандандыруу бөлүмүндө жатат. Врачтардын айтымында: «Бейтаптын тили түшүнүктүү болгону менен, жай сүйлөп жатат. Жакынкы күндөрү консилиумга чогулуп, дарылоо тактикасын тактайбыз. Бул буга чейин эки жолку алган инсулттун, кант диабети жана стресс менен да байланыштуу болушу мүмкүн. Азырынча болжолдой албайбыз», — деп президенттин иш башкармалыгы клиникасынан билдирди. Эске салсак, Зарылбек Рысалиевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча ИИМдеги сурактан кийин ооруканага жатып калды.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: